«Жыргаганынан Оштон учпайт». Депутат таксисттерди өзбекстандыктарга өкүмзордук кылбоого чакырды

Жанар Акаев

Депутат Жанар Акаев Ош аэропортундагы таксисттердин Өзбекстандын жарандарына болгон мамилеси тууралуу үн катты. Буга чейин өзбек жараны соцтармактардан кайрылуу жасап, таксисттердин өкүмзордугуна даттанган болчу.

Депутат мындай көрүнүшкө чекит коюлбаса «уят болуп бүттүк» деп билдирди.

«“Достук” өткөрмө пунктундагы башаламандыкты эмне кылуу керек деген сунушум менен эки ирет парламент жыйынында көтөрдүм эле “аябай маанилүү маселе көтөрдүңүз, урматтуу депутат” деген салттуу жооптон башка эч нерсе өзгөрбөптүр», — деди ал.

Акаев «биринчиден Өзбекстандын жарандарына кошуна жана адам катары мамиле кылыш керек» деп белгиледи. Ал коңшу өлкөнүн жарандары «жыргаганынан Оштон учуп жаткан жок» деп түшүндүрдү.

«Билет 150 доллардын тегерегинде арзан түшөт. Мусаапырдын үй-бүлөсүнө бул сезилээрлик каражат. Жумуш издеп талаалап бараткан адамдын “кичине тыйынын да кагып алалы, болгондо да зордук менен алалы” деген такыр туура эмес. Кыргызстанды өмүр бою жек көрүп өтөт, болгон таанышына айтат. Ары-бери чек арадан өткөндө эки өлкө жарыша бири-бирибизди кыйнасак, президенттерибиздин кучакташып, келишимдерге кол коюп, жакын доспуз дегенибиз кайсы?» — деп суроо салды депутат.

Ошондой эле Акаев өзбек жарандары эл аралык каттам менен учкандыктан Ош аэропортуна $15 салык калтырарын айтты. Депутат «бул акчаларга жол, мектептер курулуп, айлык көтөрүлөт» деп белгилеп, тескерисинче чет элдиктерге шарт түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

«Ошол чек арадан өтөөр замат чакан терминал куруп, учакка каттап, багажын каттап, аэропорт өзү атайын автобустар менен учакка алып келиши керек. Бул сунуш. Анткени Ош аэропорту да кичинекей, каттоо жайлары да такай кезек. [...] Даяр акчаны казынага тартпайсыңарбы, аэровокзалды кеңейтип. Өкмөттүк деңгээлде тебетей калпак кийип алып турист чакыргандан кийин, ишти да ошого жараша жасайлы», — деди ал.

Депутат минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул маселе боюнча чечкиндүү талап коюусун сунуштады.

Өзбек жаранынын кайрылуусу

Буга чейин өзбекстандык жаран TikTok платформасы аркылуу кайрылуу жасап, Ош аэропортундагы таксисттерге нааразы болгон.

Ал Орусиядан Ош аэропортуна учуп, андан ары Өзбекстанга өтүп жаткан жарандарды таксисттер зордоп унаасына салып, чек ара бекетине чейинки 6 чакырым жерге ар бир кишиден 500 рублдан алып жатканын айткан.

Ошол эле учурда өкүмзордукка укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын айтып, «мамлекет карабайбы» деп суроо салган.

Ал эми Ош ОИИБи 2-августта анын даттануусу боюнча териштирүү башталганын билдирген. Ошондой эле Ош аэропортундагы жана «Достук» чек ара бекетиндеги таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлү жатканы айтылган.

Ведомстводон айдоочулардын чет элдиктерге карата орой мамилеси боюнча 14 кайрылуу түшкөнүн айтышып, анын 7 учуру боюнча териштирүү жүрүп жатканын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Унаага зордоп салышат». Өзбекстандыктардын Оштогу таксисттерге даттануусу териштирилүүдө