«Унаага зордоп салышат». Өзбекстандыктардын Оштогу таксисттерге даттануусу териштирилүүдө

Ош ОИИБи 2-августта өзбекстандык жарандын соцтармактардагы даттануусу боюнча териштирүү башталганын билдирди. Ал эми Ош аэропортундагы жана «Достук» чек ара бекетиндеги таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочулардын чет элдиктерге карата орой мамилеси боюнча 14 кайрылуу түшкөн. Анын 7 учуру боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Буга чейин өзбекстандык жаран TikTok платформасы аркылуу кайрылуу жасап, Ош аэропортундагы таксисттерге нааразы болгон. Ал Орусиядан Ош аэропортуна учуп, андан ары Өзбекстанга өтүп жаткан жарандарды таксисттер зордоп унаасына салып, чек ара бекетине чейинки 6 чакырым жерге ар бир кишиден 500 рублдан алып жатканын айткан.

«Мусаапырлар “арзан болсун” деген максатта ошентип жатышат. Ошол жерде мафия жасап алган таксисттер өзбек жарандарын мажбурлап 6-7 адам кылып унаага тыгып, 6 километр жерге 500 рублдан алып кетип жатышат», — деген ал.

Ошондой эле ал өзүнүн окуясы менен бөлүшкөн. Анын айтымында, ал Орусиядан келе жатканда кыргызстандык таанышынан аны күтүп алып чек ара бекетине жеткирип коюшун өтүнгөн.

Ал макул болуп, жанына башка адамдарды кошуп алууну сунуштаган. Киши аэропортто башка үч адам менен чогуу кетүүнү макулдашкан.

Бирок сыртка чыкканда «аларды бир нече таксисттер тороп алышып, үч адамдын алар менен кетүүсүнө жол бербей коюшкан. Өзбекстандык жаран ошол эле учурда алардын жанында болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери чара көрбөгөнүн айтып нааразы болгон.

«Милиционерлер, МАИчилер турду, баары “долясын” алып алган. Көңүл дагы бурушкан жок. Эмне Кыргызстан ушунчалык деңгээлге түшүп кеттиби? Эмнеге мамлекет көңүл бурбайт?! Менин кыргыз калкына нааразычылыгым жок, таксисттерге гана нааразымын», — деген ал.

Ошондой эле даттануучу чет элдиктерди мажбурлап ташып жаткан таксисттерге кайрылып, «алардын арам акча таап жатканын» эскерткен.

«Мен бул жерде бир эл тууралуу эмес, жаман адамдар тууралуу сөз кылып жатам. Андай адамдар бардык элде бар. Болгону акчаны адалдап табыш керек», — деп кейиген ал.