Путин аскерге чакырылууга тийиш жарандардын өлкөдөн чыгуу укугун чектеген мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин «Орусия Федерациясынан чыгуунун жана Орусия Федерациясына кирүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзамына түзөтүүлөргө кол койду.

Мыйзамга ылайык, аскердик кызматка чакырылууга тийиш жана аскердик комиссариаттан чакыруу кагазын алган адам Орусиядан чыгууга чектөө коюу жөнүндө чечимди алгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде тышкы паспортун аны берген мекеменин, ИИМдин же МФЦнын миграциялык бөлүмүнүн сактоосуна тапшырышы керек. Паспортту аскерге чакырылган убактан тартып беш күндүн ичинде тапшыруу керек.

Документ өлкөдөн чыгууга чектөөнүн же паспорттун жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат. Паспортту кайра аскер кызматын өтөп келгенден кийин алууга болот.

Мыйзамда эгер өлкөдөн чыгууга укугу чектелген Орусиянын жараны жүйөөлүү себептери жок паспортту сактоого тапшырбай койсо, документ жараксыз деп табылары айтылат.

Тышкы паспортту тапшыруу жөнүндө мыйзам 180 күндөн кийин күчүнө кирет. Анда жаңы жоболор, 2023-жылдын күзгү аскердик чакыруусуна жайылтылбашы мүмкүндүгү кабарланат.

Буга чейин Путин аскерге чакыруу кагаздарын «Госуслуги» сервиси аркылуу таркатууга жол берген мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, аскерге чакырылууга тийиш адамдын өлкөдөн чыгуу укугу чакыруу кагазын алары менен дароо чектелет. Чакыруу кагазы ал аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилгенден кийин жети күн өткөн соң автоматтык түрдө тапшырылган деп эсептелинет.

Мыйзам Кыргызстандан барган мигранттар үчүн эмнеси менен кооптуу?

Жаңы мыйзам теги кыргызстандыктарга дагы тиешелүү. Орусиянын Украинага кол салуусу башталгандан бери согушта кыргызстандыктар же теги кыргыздар дагы каза таап жатканы маалымдалып келет. Ошондой эле, Вагнер жеке аскердик компаниясы, ЖМКнын маалыматына ылайык, Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды согушка тартуу ишин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын ТИМинин маалыматына ылайык, Орусиядагы абак жайларында миңден ашык кыргызстандык бар.

2022-жылдын сентябрында Эмгек жана миграция министрлиги акыркы 30 жыл ичинде 650 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын билдирген.

Андан тышкары, орус бийлиги эмгек мигранттары үчүн өлкө жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөткөнү белгилүү. Ошондой эле орус жарандыгын тездетилген тартипте — адаттагы беш жылдын ордуна алты ай же бир жылдын ичинде жол-жоболоштуруп берүү — мигранттарды Украинадагы согушка тартуунун ыкмаларынын бири.

Орусия учурда Украина менен согушуп жатат, ал жакка орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында кол салып баштаган.

БУУнун 2023-жылдын 5-июнуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 8 983 жай тургун каза таап, 15 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.