Украинадагы согуштан 23 жаштагы теги кыргызстандык Байжигит Юсупбаевдин сөөгү келди

Орусия кол салган Украинадагы согуштан 23 жаштагы теги кыргызстандык Байжигит Юсупбаевдин сөөгү 28-майда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына келди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ал Орусияда төрөлүп жарандык алып, Кара-Көл шаарына караштуу Чоң-Таш айылында өскөн.

Юсупбаев 19 жашында чакыруу менен Орусияга аскердик кызматка кетип, өлкөнүн Улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн. Turmush басылмасынын маалыматына караганда, ал экинчи жолу келишим менен аскердик кызмат өтөөгө барганда каза тапты.

18-майда Орусиянын Украинага ачкан согушунан Орусиянын абагында жаза өтөп жаткан кыргызстандык Актилек Кадыровдун сөөгү келген. Ал «Вагнер» аркылуу согушка кетип, Бахмут шаарында каза болгон.

Украинадагы согуштан сөөгү келген кыргызстандыктар

Буга чейин согуштан онго жакын кыргызстандыктын сөөгү келген — алардын көпчүлүгү Орусиянын абактарында жаза өтөп жатып «Вагнердин» тузагына илингендер.

Мындан улам 26-апрелде балдары Орусиянын абактарында отурган 30 чакты ата-эне бийликке кайрылган. Алар президент Садыр Жапаровдон «баңгизат ташыган» деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам сурашкан.

Ата-энелер балдары курьерлик жумушка киргенден кийин эле «Орусиянын мафиясына жем болуп, баңгизат менен кармалып жатканын» белгилеп, абактагы мигранттар Украинадагы согушка тартылат деген тынчсызданууларын белгилешкен.

Аталган маселени депутат Жанар Акаев парламенттин 27-апрелдеги жыйынында көтөрүп, Башкы прокуратура бул боюнча ыкчам аракеттерди көрүшү керектигин айткан.

Тышкы иштер министрлигинин ушул жылдын февраль айындагы маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө соттолуп, камакка алынган 1282 кыргыз жараны бар. Алардын 1077си Орусиянын абактарында.

Башкы беттеги сүрөт Turmush басылмасынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: Орус абагындагы дагы бир кыргыз жараны Кадыров Украинадагы согушта каза тапты

Украинадагы согушта орус армиясына кызмат өтөп жаткан Адилет Алиев каза болду

Украинадагы согушта 19 жаштагы Сыргакбек Өзүбеков каза тапты