Жалал-Абад облсоту кош бойлуу келинди өз жанын кыюуга жеткирди деп айыпталган кишини актады

2-июнь күнү Жалал-Абад облустук соту кош бойлуу келинди «өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирди» деп айыпталган 32 жаштагы киши менен 45 жаштагы аялды толугу менен актады. Буга чейин биринчи инстанция эркекти сегиз жылга соттоп, аялга беш жылдык пробациялык көзөмөл чектеген болчу. 

Келин асынып алардан мурда кат жазып кеткен. Жакындары анын өлүмүнө «кызыл камчы күйөөсү менен кайниси менен ойноштук кылган абысыны күнөөлүү» деп эсептешет.  

Эмне болгон?     

24 жаштагы Советбек кызы Салтанат 2021-жылы 2-ноябрда өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынган абалда табылган

Беш айлык кош бойлуу, үчкө чыга элек кызы бар жаш келин асынардан мурда кат жазып кеткен. Анда «абысыны — кыз эмес келгенсиң, күйөөсү — кызың менден эмес» деп басмырлаганын айткан. 

Салтанаттын бир тууган агасы Бакыт Назаралиев карындашы күйөө баласынын «жеңеси менен ынак мамилеси бар экенин билип, алардын кысымына чыдабай» жанын кыйганын «Азаттыкка» айтып берген.  

«Бул жерде кептин баары күйөө бала менен анын жесир жеңесинде болуп жатат. Карындашым мурда да экөөнү кармап алган экен. Убагында эч кимге айта албаптыр», — деген ал.     

Окуя боюнча Токтогул райондук милициясы тарабынан «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталган. Кийин шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалган. 

«Келин эмес — күң экен» 

 Салтанаттын таежеси Марсиана Мамаева «Клоопко» маек куруп, жээни мурда дагы зомбулукка кабылып келгенин айтып берди. 

«Салтанат өзү томолой жетим. [...]. Бир барганымда бети-башы көгала болуп, ата-энесинен калган үйдө жүрүптүр. Көп эле токмок жеп, көзү жарылып, башы жарылып таежелерине качып барган күндөрү болуптур» — дейт ал. 

Мамаеванын айтымында, Салтанат кайын журтунда «келин эмес, малай катары» кызмат кылып келген. 

«Орусияга кеткен кайнежесинин эки баласы, көзү өтүп кеткен кайнежесинин эки баласы, ажырашкан кайнагасы уулу менен, баарын мал-жанын кошуп малай катары сиңдим карачу экен. Күбө катары көрсөтмө берген кошуналары, аяштары муну тастыктап берди. Күйөөсү аны той-томолокко да ээрчитип барчу эмес экен, анткени ойнош женеси тыюу салчу тура», — дейт ал. 

«Өзүмдү коёрго жер таппай жатам»   

 Каргашадан бир күн мурда Салтанат күйөөсү менен абысынын жазышкан катын окуп калган. Бул тууралуу аяшына айтып берген. — Мени конокко ээрчитип барганы үчүн жеңеси ага таарынып, жолдошум абдан актаныптыр. Окугандан бери өзүмдү коёрго жер таппай жатам, — деген маркумдун сөзүн курдашы эстеп айтып берген. 

Марсиана Мамаеванын айтымында, бул окуядан кийин жээни менен күйөө баласынын ортосунда уруш чыгып, жолдошу Салтанатка кайрадан кол көтөргөн. 

«Токмоктон кийин ичиндеги баласы кыймылдабай калыптыр. Салтанат коркуп УЗИге барат. Райондун борборунан күйөөсү менен жеңеси чогуу жүргөнүн көрүп, ошол жерде да жаңжал болот. УЗИнин кагаздарын таппай жатабыз, жок кылдырып коюшкан окшойт», — дейт ал көзүнө жаш алып. 

Салтанаттын таежеси анын артында калган кызы таекесинин камкордугуна алынганын, кээде апасын эстеп, куса болуп ыйлап каларын айтып кейиди. 

Сотто далилдер жетиштүү болгонбу?   

Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокат, «Справедливость» укук коргоочу уюмунун юристи Равшан Абдуллаев «Клоопко» маек куруп, бул иште далилдер базасы жетиштүү, олуттуу болгонун билдирди.  

Анын айтымында, каза болгон келиндин өлүм алдында жазган тил каты экспертизадан өткөрүлүп, Салтанат өз колу менен жазганы аныкталган. Ал эми 2021-жылы адвокаттарынын өтүнүчү менен ишке ашырылган эксгумацияда анын денесинде ур-токмоктун белгилери бар экени ачыкталган. 

«Экспертизанын жыйынтыгында суицидге чейин Салтанаттын денесине туюк нерсе менен жаракат келтирилген деп жазылып турат. Бул экинчи айныгыс далил», — дейт адвокат. 

Абдуллаев тергөө учурунда жана биринчи инстанциядагы сот отурумундагы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана кылмышка айыпталгандардын WhatsApp аркылуу жазган билдирүүлөрү Салтанатка психологиялык чоң басым көрсөтүп келишкенин даана көрсөтүп турат деп кошумчалады. 

Шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алган эмес

Кара-Көл шаардык соту Салтанаттын күйөөсүн сегиз жылга эркинен ажыраткан, ал эми жеңесине беш жылдык пробациялык көзөмөл жазасын колдонгон. 

Бирок июндун башында Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуларды актады. Соттун басма сөз кызматы «Клоопко» жиберген билдирмеде «айыпталуучулардын аракетинде кылмыштын курамы болбогондуктан акталды» деп жазылган.   

Адвокат Абдуллаев болсо «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен соттолгон кишиге 8 жыл эркиндигинен ажыратуу ансыз деле минималдуу жаза экенин айтат.  

«Айыпталуучулар башынан эле күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Эгер жасаган ишине өкүнгөнүн билдирсе да бул жеңилдетүүчү жагдай катары эсептелмек. Күйөөсүнө эң төмөнкү жаза берилген, жеңесинин жашы жете элек балдары болгон үчүн камакка алуу эмес, пробациялык көзөмөл деп жарыяланган. Эми болсо акталып отурат», — деп айтып берди адвокат.

Салтанаттын жакындары бул өкүмдү өтө оор кабыл алышканын айтып, айыпталуучулар «облсоттун үч судьясын сатып алган болушу керек» деп шек санап жатышат. 

«Күйөө балаңар үлүш жерлерин, мал-мүлкүн сатып баштады. Облсоттон акталам деп жүрөт дешти кошуналары. Дароо эле адвокатка айттым, ал соттор ротация болуп келгенин, таза иштеп, акыйкат чечим чыгарарын айтып жооткотту. Көрсө үч судья менен мурда эле ишти бышырып койгон экен. Соттон түптүз үйүнө чыгып кетти. Жетим кыздын укугу тебеленип, дагы бир кыз жетим калып, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп отурабыз», — дейт Мамаева. 

Ал эми Равшан Абдуллаев ушул тапта Жогорку сотко кассациялык даттануу даярдалып жатканын белгиледи. 

 Жашоо укугу, үй-бүлөлүк зомбулук  

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде адамга карата катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүү жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүсүнө алып келсе, сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Буга чейин «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын үч тургуну эки жылга шарттуу кесилгени белгилүү. Анда 36 жаштагы аял асынып алган. Өз жанын кыярдан мурда бул кадамга кайненеси менен эки кайнежесин айынан барганын жазып кат калтырган

Экспертиза кат маркумдун колу менен жазылганын аныктаса, тергөөдө айыпталуучулар келинине катаал мамиле жасап жүргөнү далилденген. 

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү 

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн жылдын жети айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 5911 фактысы катталган

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган. 

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулуктар тууралуу билдирүүдөн тайсалдашаарын айткан.

Башкы беттеги сүрөт:«Азаттык»