Токтогул: Асынган абалда табылган кош бойлуу аялдын өлүмү иликтене баштады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы кош бойлуу келин өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынып алды. Маркумдун жакындары аны өлүмгө «жолдошу менен жеңеси жеткирген» деп билдирүүдө.

Жалал-Абад ОИИБнин маалымат катчысы Шеркул Турганбаев «Клоопко» аялдын өлүмүн Токтогул РИИБси териштирип жатканын билдирди.

Милицияга өз жанын кыйган аял тууралуу маалымат 2-ноябрда саат 16:00 чамасында түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу аялдын денесинде «жаракаттардын белгилерин» байкаган эмес.

Анткен менен милиционерлер маркум күйөөсүнүн телефону аркылуу WhatsAppтан акыркы кат жибергенин аныкташкан.

«Ал катта ушул нерсеге барышына жолдошу жана жеңесин күнөөлөп, алар аны кемсинтип келишкенин көрсөткөн», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден.

Аталган факты боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркумдун агасы Бакыт Нургазиев «Турмуш» басылмасына берген маегинде, карындашы эки ай мурун жолдошу менен таарынышып, бирок көп өтпөй күйөө бала андан кечирип сурап кайра үйүнө алып кеткенин билдирген.

Анын айтымында, маркум өз өмүрүнө кол салаардан мурда Москвадагы жеңесине WhatsAppтан кат жиберген. Анда аны күйөөсү менен жеңеси басмырлаганын тастыктаган.

«Мен борбордо болчумун. Биздин үй-бүлө ызы-чуу түшүп, үйүнө жетип барса, карындашымды асынып турган жеринен жолдошу чечкен экен», — деди ал.

Ошондой эле, Нургазиев карындашы өмүрүнө кол салганына ишенбейт. Анткени ал асынып алган жер «анчалык деле бийик эместигин» айткан. Мындан сырткары, ал карындашынын өлүмүнө шектүүлөр дагы деле камала электигин айтып нааразы болгон.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Сузак районунун Таш-Булак айылында 25 жаштагы Күнсулуу Эшботоева үйүндөгү кампада асынып алган абалда табылган.

Маркумдун ата-энеси кызынын өз өмүрүнө кол салуусуна ишенбей, күйөө баласын шектеп милицияга арыз жазышкан. Ал эми укук коргоо органдары «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.