Жапаров: Германия жогору баалаган демократиялык принциптерди Кыргызстан дагы жактайт

Президент Садыр Жапаров Германияда жогору бааланган демократиялык баалуулуктарды Кыргызстан дагы жактайт деп билдирди. Бул тууралуу ал Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу учурунда айтты.

Жапаров жолугушууда «Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун» белгиледи.

«Германия саясий аброюнун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды — Германияда да жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын жактайбыз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү», — деп белгиледи ал.

Жапаровдун бул боюнча айткандарына карабастан буга чейин Human Rights Watch жана Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмдары өздөрүнүн өткөн жылга карата сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берген отчётторунда Кыргызстанда бара-бара пикир айтуу эркиндиги чектелип баштаганын жазышкан. HRW ЖМК, бейөкмөт уюмдарга жарандык секторго басым күчөгөнүн, анын ичинде активисттер кармалганын эске салуу менен «кыргыз бийлиги сын айткандарды басмырлоого бет алганын» билдирген.

Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганы, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө жана аны жабуу процесси, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул саясатчы жана активисттердин камакка алынышы жана журналисттер менен блогерлердин утур-утур сурактарга чакырылганы далил боло алат.

Январдын аягында басма сөз эркиндиги жана адам укуктары менен алектенген жети эл аралык уюм Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстанда болуп жаткан «журналисттерге каршы репрессиялар жана сөз эркиндигин басуу күчөп жатканына» тынчсызданууларын билдиришкен.

Бирок бийлик Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым жоктугун, өлкө мыйзам үстөмдүгү принцибин карманарын, ал эми адам укуктары менен эркиндиги — өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин айтып келет.

Ал ортодо бийлик, эксперттин пикиринде, көз карандысыз ЖМК жана бейөкмөт уюмдарга каршы аракеттерде мамлекет үчүн курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү улантууда.

Тема боюнча окуңуз: HRW Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берди

«Чек арасыз репортёрлор» уюму бийликти «Азаттыкты» куугунтуктоону токтотууга чакырды