«Чек арасыз репортёрлор» уюму Маданият министрлигинин «Азаттык Радиосун» жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптады. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Ал жактан бул «Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан» басма сөз эркиндигине олуттуу тоскоолдук болот деп эсептешет. Уюм кыргыз бийлигин «Азаттык» радиосун куугунтуктоону жана көз карандысыз ЖМКны кысмакка алууну токтотууга чакырды.
«Бул бузуулар мамлекеттин идеологиясын мыйзамдан жогору коюучу “чындыктын” жаңы иерархиясын орнотуу каалоосун чагылдырат», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысы Жанна Кавелье.
Анын айтымында, «Кыргызстан буга чейин сөз эркиндигин коргогон Борбор Азиядагы өзгөчө өлкө катары каралып келген, эми болсо кооптондурган ал авторитаризм жолуна түшүп жатат».
Уюм өз билдирүүсүндө иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын жана Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге козголгон кылмыш ишин дагы эске салды.
«Мындан тышкары, сентябрь айында президент Садыр Жапаровдун өкмөтү катуу сынга алынып жаткан ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамды сунуштап, аны азыркы заманга ылайыктоо керек деп жатышат. ЖМК адистери сунушталган жаңы мыйзамды Орусиянын ЖМК жөнүндөгү мыйзамынын көчүрмөсү катары мүнөздөп, ал өкмөткө жакпаган жаңылык сайттарынан кутулууга багытталганын айтышты», — деп билдиришти уюмдан.
«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү
«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.
Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.
Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.
Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.
ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышкан.
Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө менен тынбады. 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Сот арызды 9-февралда карайт.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай акыркы жагдайга байланыштуу комментарий берип, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирди.
Ал эми Кыргызстандын медиакоомчулугу Маданият министрлигинен «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылган. Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», Журналисттердин көз карандасыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси, Иликтөөчү журналисттердин фонду сыяктуу бир катар уюмдар, ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарынын жетекчилери менен журналисттери кол коюшкан.
Билдирүүдө Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып бөгөттөө чечимин кабыл алганы башында эле мыйзамсыз болгонун, себеп дегенде мыйзамда сайт өздөрүнө карата такталбаган, ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар таратылган деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы менен гана бөгөттөлөт деп айтылган.
«Азаттыктын» мисалында министрликтин дарегине андай арыз түшкөн эмес.