Бишкек: Унаада кызды зордуктоого аракет кылган киши мурдагы мамкызматкер экени айтылды

Материал 16:15те жаңыланды

Бишкекте эркек киши унаасында кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 23-июнда «Клоопко» Свердлов РИИБден билдиришти. Шектүү буга чейин жетекчилик кызматта иштеген мамкызматкер Бекбатыр Бузурманов экени айтылууда.

Маалыматка караганда, 15-июнда Свердлов РИИБге жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган. Ал 14-июндан 15ине караган түнү Бишкек шаарындагы Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган унаада эркине каршы зордуктоо аракети болгонун билдирген.

Аталган факт боюнча Свердлов райондук милициясы тарабынан «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган 30 жаштагы тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

Соцтармактарда 15-июнь түнкү саат 03:02де байкоо камерасына тартылган видео тасма тараган. Анда жолдун четинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда аял эркек кишиге каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагынган.

22-июнда Kaktus.Media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, кызды зордуктоого шектелген киши Жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Бекбатыр Бузурманов экенин жазды.

Ал эми министрликтен «Акипресске» Бузурманов апрель айында кызматтан кеткенин белгилешти. Бузурманов өзү окуя боюнча комментарий бере элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аламүдүн: Кесиптешин турмушка чыгууга мажбурлап, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Биринчи окуу: ЖК зордуктоо иштеринде тараптардын элдешүүсүн алып салган түзөтүүлөрдү жактырды