Биринчи окуу: ЖК зордуктоо иштеринде тараптардын элдешүүсүн алып салган түзөтүүлөрдү жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары жыныстык кол тийбестике каршы кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү биринчи окууда жактырышты. 

Түзөтүүлөрдүн долбоору менен депутат Элвира Сурабалдиева тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору профилактика үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанма кол салуулардан коргоо макстын көздөйт.

Сурабалдиева долбоордо тараптардын элдешип алуусунан улам оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштө турган жазык иштерин кыскартпоо сунушталганын билдирди. Документте эгер тараптар элдешсе кылмыш иши соттун чечими менен кыскартылары дагы көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле ал мыйзам долбоорунда жыныстык кол тийбестик, пробация көзөмөлүн колдонуу жана күрөө боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу сунушталып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлү жазык мыйзамдарынын талдоосу ал жабыркагандарга караганда көбүнчө кызмат адамдарын — алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай кол салуулардан — коргоорун көрсөткөнүн белгиледи.