Аламүдүн: Кесиптешин турмушка чыгууга мажбурлап, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИББ

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бир адамды сабап, кесиптешин шантаж кылып, турмушка чыгууга мажбурлаган жаран кармалды. Бул тууралуу 29-майда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал таанышына башка бирөөнүн атынан кат жазып чакырып, келгенде аны сабаган. Ошондой эле видео тартып, «окуяга өзүм күнөөлүүмүн» деп айттырган.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 27 жаштагы эркек киши кармалган.

Алгачкы териштирүүдө кармалган шектүү кесиптешин да шантаж кылып, аны өзүнө турмушка чыгууга мажбурлаганы белгилүү болгон. Ошондой эле аны коркутуп жыныстык катнашка барууга аракет кылганы аныкталган.

Мынлан улам ага «Бейбаштык», «Мамиле түзүүгө мажбурлоо» жана «Зордуктоого аракет кылуу» беренелери менен айып тагылып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.