Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-июлда Швейцарияда БУУнун башкы катчысынын орун басары Татьяна Валова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Жолугушууда депутаттар БУУ менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун жана Кыргызстандын 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда уюмдун колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Кездешүүгө депутаттар Данияр Төлөнов, Улан Примов, Камила Талиева, Айбек Алтынбеков, Абдыбахаб Боронбаев жана Акылбек Түмөнбаев катышты. Баса, Түмөнбаев учурда сүрөмөлөнүп жаткан «Чет элдик тыңчылар» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

Аталган мыйзам долбоорунун авторлору «батыш жана ал каржылаган бейөкмөт уюмдар жаштардын психологиясын бузуп, улуттук баалуулуктарды жана үрп-адаттарды жоготот» деп айыптап келишет.

Анткен менен алардын дээрлик баары ушул сыяктуу сапарларга улам чыгып, парламентте батыш өлкөлөрү менен болгон достук топторунда турушат.

Кененирээк окуңуз:

Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?

Эркиндик буулду. Кыргызстан кантип демократия менен коштошуп, авторитаризмге бет алды?

Кризис учурунда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү кимдер эмне үчүн сүрөмөлөп жатат?