Камбар-Ата-2 ГЭСинин спутниктен көрүнүшү. Скриншот Google Earth

Кыргызстан электр энергиясына таңкыстыкты чет өлкөдөн кымбат баада электр алуу менен толуктап жаткан чакта өзүндө чыккан электр энергиясы арзыбаган тыйынга жеке колдорго кетип жатат. Министрлер кабинети Камбар-Ата-2 ГЭСтен «саноочу борборду» камсыздоого деп Бакиевдердин кланы менен байланышкан белгисиз фирмага конкурс өткөрбөстөн 30 мегаватт электр энергиясын бергени жатат. Бир чоң кыштакты камсыз кыла ала турган мамлекеттин энергиясын коммерсанттар элге караганда беш эсе арзан алып, мамлекеттик электр станцияларында тыюу салынган майнингге жумшаганы калган сыяктанат. Башкача айтканда, жарандар бийлиги тарифти көтөрүп жаткан чакта чоочун бирөөнүн криптокапчыгын төлөшөт. 

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттин энергоактивдерин башкарган мамлекеттик «Электр станциялары» ААКга бир жыл мурда каттоодон өткөн жана эч кимге белгисиз жеке менчик «МБТ Строй» фирмасы менен тендер өткөрбөсөн Камбар-Ата-2 ГЭСин модернизациялоо жана инфраструктурасын реконструкциялоо жөнүндө келишим түзүүнү сунуштаган. Бул тууралуу минкабдын 2023-жылдын 16-июнундагы №303 токтомунда айтылат.

Токтомго ылайык, «МБТ Строй» фирмасы ГЭСти мамлекеттик тармактар менен байланыштырган энергетикалык инфраструктуранын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө акча салат. Ордуна мамлекеттик Камбар-Ата-2 ГЭСтин электр энергиясын колдонуу укугуна ээ болот.   

Менчиктештирүү үчүн модернизация

Энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоонун убагы чынында эбак эле келген. Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жалгыз генератордун долбоордук кубаттуулугу 120 МВтты түзөт, бирок транформатор жана электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөн болгондуктан ГЭС тармакта болгону 90 МВт кубаттулукту берет. Минкабдын токтомуна ылайык, «МБТ Строй» инфраструктуранын (айрыкча, «Камбат-Ата» көмөкчордонунун) модернизацисыяна өз каражатын салып, «бекип турган» кубаттуулукту бошотот. 

Бирок ошол бошотулган 30 мегаватт өлкөнүн энергетикалык системасына дароо түшө калбайт. Токтомго ылайык, «МБТ Строй» аны салган инвестициясы акталса да өз билгениндей колдонот.

Минкабдын №303 токтому. Чоңойтуп көрүү үчүн сүрөттү басыңыз

Фирма бул электр энергиясы менен эмне кылары токтомдо түз көрсөтүлгөн эмес. Бирок 4-пункта премьер-министр «Электр станциялар» мамишканасына «МБТ Строй» менен «маалыматтык-эсептөөчү блокту электр энергиясы менен камсыздоого» келишим түзүүнү сунуштаган. Ал эми 2023-жылдын июнунан тартып «МБТ Стройдун» негизги ишмердүүлүгү болуп «маалыматтык технологиялар жана эсептөөчү техникалар тармагындагы ишмердүүлүк» эсептелет. 2022-жылдын декабрында энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Энергетика министри Камбар-Ата-2де майнинг жабдуусун коюуга уруксат бергенин билдирген. Бирок Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы «Клоопко» азырынча «Камбар-Ата-2де» майниг ферма жоктугун, ал эми мамлекеттик ГЭСтин энергиясында кандай жабдуу иштилери журналисттерге «МБТ Строй» фирмасы жабдууну алып келгенде айтылат деп жооп берди.  

Бул жерде аталган 30 мегаватты «МБТ Строй» майнинг үчүн колдонот деп божомолдоо логикага сыят. Анан эң кызыгы: кандай тариф боюнча колдонот?

Калк колдонгондон алты эсе арзан

Минкабдын токтомунда тарифи түз айтылган эмес, бирок документте аны «МБТ Строй» өзү гана аныктайт деп так көрсөтүлгөн — Камбар-Ата-2 ГЭСте электр энергиясын чыгаруунун «пландык өндүрүштүк наркынын деңгээлинде».

«Клооптун» энергетика тармагындагы жооптуу аткаминерлерден тарифтин так өлчөмүн билүү аракетинен майнап чыккан жок.

«Азыркы тапта [“МБТ Строй” менен “Электр станциялардын” ортосунда] эч кандай келишим жок, ошондуктан эч нерсе айта албайм», — деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев. Ал эми Улуттук энергохолдингден бул маселе алардын компетенциясына кирбесин айтып, «Электр станциялар» мамишканасына кайрылууну сунушташты. «Электр станциялардын» басма сөз катчысы Аида Кадырова Акылбек Жапаровдун токтому жөнүндө таптакыр кабары жоктугун мойнуна алды. Энергетика министрлиги болсо маалыматты кийинчерээк тактап берүүнү убада кылды. Ал эми Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттарына байланышканыбызда, телефондору өчүк болуп чыкты. Ошентип «Клоопко» бир эле депутат жооп берди, бирок ал да суроо угулбай жатканын айтып телефонду коюп салды. 

Ошондо «пландык өндүрүштүк нарктын деңгээлиндеги» тариф деген эмне?

2021-жылы энергетика тармагындагы эксперт Батыркул Баетов «Кабар» агенттигине Кыргызстандагы ГЭСтерде өндүрүлгөн 1 киловатт электр энергиянын өздүк наркы 16 тыйынды түзөрүн билдирген. Ал эми быйыл март айында инженер-механик Арстанбек Асанов мисалга Нарын ГЭС каскаддарында (ага Камбар-Ата-2 ГЭСи да караштуу) бир киловатт өндүрүүнүн өздүк наркы 2021-жылы 24,9 тыйынды түзгөнүн айткан. 2023-жылы суу аз болуп аткандыктан бул сандар кыйла жогору болушу ыктымал. «Клооптун» маектештери сөз жок эле дегенде 50-60 тыйын тууралуу болушу мүмкүн дешет. 

Минкабдын төрагасы Жапаров (ортодо) 2022-жылдын мартында Камбар-Ата-2 ГЭСинде. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Бул канчалык арзан экенин көрсөтүп берүү үчүн эске салсак: Кыргызстанда майнинг үчүн электр энергиясынын бирдиктүү тарифи 5,04 сомду түзөт. Бул «МБТ Строй» электр энергиясын ала турган «пландык өндүрүштүк нарктан» он эсе жогору — болбосо мыйзам айрым бир компанияларга артыкчылык берүүгө тыюу салат. Ошол эле маалда электр энергиясынын калк үчүн чектөөсүз тарифи май айынан тартып 3,28 сомду түзөт. Башкача айтканда, ал түгүл өлкө калкы майнинг ферма болушу ыктымал эч кимге белгисиз компанияга караганда нормадан ашык жаккан киловаттары үчүн алты эсе кымбат төлөйт. 

Ошол эле кезде минкабдын башчысы «МБТ Строй» фирмасына инфраструктурага жумшаган инвестициясы өзүн актаган күндө да мамлекеттин мегаваттарын керектей берүүгө уруксат берип жатат — бирок чынында жалпы негиздер менен. Болбосо мамлекеттин электр энергиясын кайсыл гана негизде болбосун майнинг үчүн колдонууга болбойт.   

Майнингге тыюу салабыз, бирок тыюунун өзүн көрсөтпөйбүз

Негизи майгингге Кыргызстанда тыюу жок. Электр энергиянын чоң бөлүгү эбакта эле өзүн актаган өздүк киловатт-сааты арзан советтик гидроэлектростанцияларда өндүрүлүп жаткан мамлекет үчүн мындай бизнес логикага сыят. Башкача айтканда, электр энергиясы жетиштүү болгондо логикалуу болмок болчу. Электр болсо акыркы жылдары тартыш болуууда. Ошондуктан Улуттук энергохолдинг 2019-жылдын 4-апрелинде №56-б буйругу менен майнинг фермаларга электр энергиясын жалпы тармактан алууга тыюу салган. Майнерлер электр энергиясын жеке чакан ГЭСтерден гана сатып ала алат.

Жалпы тармак — бул борборлоштурулган башкаруудагы мамлекеттик энергетикалык компаниялардын электр тармактары. УКМК аталган буйрукка таянуу менен акыркы жылдары мамлекеттик электр тармактарына мыйзамсыз туташып алган майнерлердин жабдууларын алып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштерин активдүү жүргүзгөн. Коопсуздук комитети майнингди өлкөдөгү энергетикалык каатчылыкка себепчилердин бири деп атаганына караганда бул көмүскө бизнес өлкөдө кенен кулач жайган.

Улуттук энергохолдингден «Клоопко» мамлекеттин электр энергиясы менен майнинг кылууга салынган тыюу азыр да күчүндө экенин тастыкташты. Бирок тыюуга кайсыл бир өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилешти. Ал кандай өзгөрүүлөр экенин бизге айтышкан жок, бирок буйрук — ички колдонуу үчүн экенин билдиришти. Бул абдан кызыктай угулат: мамлекеттин эсебинен майнинг кылууга бардыгына тыюу салышат дагы тыюунун өзүн ачыкка чыгарбай жатышат.  

Анткен менен 2022-жылдын декабрында энергетика министринин орун басары Толубаев Камбар-Атадагы аты аталбай жаткан майнерлерге «жайкысын жабдууларын коюуга уруксат берилгенин, апрелден октябрга дейре суунун агып кирүүсү чоң» деген. Демек, кышкысын, ГЭС толук кубаттуулукта иштебей калганда «МБТ Строй» туруп калабы? Же ансыз да жетишсиз болуп аткан электр энергиясын жалпы улуттук энергетикалык тармактардан алып турабы?

Демек, өкмөт тандалган компанияга башкалары эмне үчүн катуу жоопкерчилик тартып аткан болсо ошолорду кылууга уруксат берип жатат. Ал түгүл конкурс өткөрбөстөн, анысы аз келгенсип күмөндүү жеңил шарттарда. Коомго жана мамлекетке пайдасы бүдөмүк: себеби модернизациянын алкагында бошотулуучу электр энергияны компания инвестициясы акталса да өзүнө алып турат. 

Бул жолу ачыктар ким?

Ширшов жана Бакиевдердин рейдерлеринин изи

«МБТ строй» 2022-жылы Бишкекте дүн-соода компаниясы катары негизделген. Бирок бир жылдан кийин кайра каттоодон өтүп, негизги иш багытын «маалыматтык технологиялар жана саноочу техникалар тармагындагы ишмердүүлүккө» алмаштырган. Ачык бюджеттин маалыматына ылайык, компания түптөлгөн күндөн тарта салык төлөй элек.

«МБТ стройдун» негиздөөчүсү Зайцев Алексей Николаевич — Орусиядагы эң ири жана байыркы металлотрейдерлердин бири, «А Групп» корпорациясынын ээси жана жетекчиси. Зайцевдин корпорациясы чейрек кылымдан бери Орусиянын 19 шаарында жана постсоветтик аймакта темир сатып келет.

Алексей Зайцев

Кыргызстанда корпорация эки компанияга ээлик кылат: «А ГРУПП БШК» жана «А ГРУПП Восток». «МБТ строй» сыяктуу эле эки фирма тең Бишкектин Мурманская 56 жана 56А даректеринде катталган. Ошол эле жерде «Кыргызтемирдин» өндүрүштүк базасы да жайгашкан. Аны 15 жыл мурда Максим Бакиевдердин айланасындагы рейдерлер басып алган, база ошондон бери аларга таандык.

Бир карасаң бул жөн гана дал келүүдөй туюлат. Жылдык жүгүртүүсү дээрлик 70 млрд рублга чамалаган Орусиянын бешинчиде турган металлотрейдери ким жана Бакиевдин кылмыштуу шериктери ким дешиңер мүмкүн?

Болбосо экинчи дал келүү да бар. 2022-жылдын июлунда Зайцев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле жарлыктын негизинде Евгения Судец жана анын жолдошу Владимир Андросик да жарандык алышкан. Евгения Судец — 2022-жылы ачылган Кыргызстандын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын экс-башчысы.

2023-жылдын мартында «Политклиника» басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевдин «Мегаком» уюлдук операторун рейдерлик жол менен басып алуусу менен байланышы бар болгон деген иликтөөсүн жарыялаган. Бакиевдер өлкөдөн качканда Убактылуу өкмөт «Мегакомду» улутташтырган. 2023-жылдын башында «Мегаком» Судец башкарган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкаруусуна өтүшү керектиги белгилүү болгон. «Политклиниканын» иликтөөсү чыккандан кийин Судец банктын жетекчилик кызматынан кеткен.

Үчүнчү дал келүү: Владимир Андросиктин «Айти Капитал» деген компаниясы дагы Мурманск 56А дарегинде жайгашкан — Бакиевдер басып алган «Кыргызтемир» жайгашкан жана орусиялык темир сатуучу Зайцевдин үч компаниясы катталган дарек.   

«Кыргызтемирдин» базасы Зайцевдин Кыргызстандагы бизнестери менен бир даректе жайгашкан. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Төртүнчү дал келүү: Андросиктин компаниясы «Евразия аманат банкынын» 2,9% акциясын сатып алган. Анын баалуу кагаздарынын 76,5%ы Санарип өнүктүрүү министрлигине таандык. Мурда бул банк «Кыргыз Кредит Банк» деп аталып, ага ортомчулар аркылуу Максим Бакиев ээлик кылчу. Ал эми банктын баалуу кагаздарын азыркы санарип өнүктүрүү министри Таалайбек Имановдун компаниясы башкарып турган. Иманов Максим Бакиевдин энергетикада кызыкчылыгы бар кылмыштуу шериги жана досу Алексей Ширшовдун айдоочусу болгон. 

Алексей Ширшов – «Электр станциялар» мамишканасынын мурдагы каржы директору жана энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын автору — Ширшов аркылуу Максим Бакиев мамлекеттин энергетикалык компанияларын менчиктештирүүгө аракет кылган. Ширшовго энергетика тармагындагы алдамчылык жана ишеним берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча кылмыш иштери козголгон.

Андай иштердин бири «Нарынгидроэнергокурулуштун» иши болгон. Кезинде Максим Бакиев өзү менен байланышы бар компаниялар аркылуу менчиктеп алган. Бирок 2010-жылы Убактылуу өкмөт «Нарынгидроэнергокурулуштун» 90% акциясын улутташтырган. Азыр болсо бул мамкомпания минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун токтому менен Камбар-Ата-2нин көмөкчордонун «МБТ Стройдун» муктаждыгына деп «Электр станцияларга» өткөрүп бериши керек. 

Бакиев бийликтен кулагандан кийин Башкы прокуратура Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактылары боюнча беш кылмыш ишин козгогон. Мындан улам президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчысы Акылбек Жапаров Бакиевдер кланына басып алынган «Кыргызтемир» менен «Мегакомду» гана эмес, мамлекеттик энергоактивдердин бир бөлүгүн да кайтарып берүүнү көздөп жатабы деген сезим жаралууда. 

Жоопсуз суроолор

Камбар-Ата-2 — А категориясына кирген стратегиялык, өзгөчө маанидеги, жеке компаниялардын кирүүсүнө тыюу салынган объект. «Электр станциялар» ишканасы мындай объектилерге «чоочун керектөөчүлөрдү, анын ичинде майнинг фермалардын уруксатсыз жана тымызын кошулуусуна эч кандай мүмкүнчүлүк жоктугун, нормативдик-техникалык документацияга ылайык, чоочун керектөөчүлөрдү электростанцинын өз муктаждыктарына туташтыруга тыюу салынганын» айтууда

Минкабдын төрагасы Камбар-Ата-2 ГЭСинде, 2022-жылдын марты. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Алексей Зайцев «Клоопко» анын компаниясы Камбар-Ата-2нин модернизациясына инвестиция саларын тастыктады. Анын айтымында, «МБТ Строй» — майнинг компания эмес, бирок ал майнинг менен алектенеби же жокпу деген түз суроого компаниянын ээси жооп берүүдөн баш тартты. Зайцев алынган 30 мегаватты «МБТ Строй» эмне кылат деген суроого да жооп берген жок. Бирок фирмасы алынган электр энергиясын өзүнө пайдалуу кылып кайра сатышы мүмкүн экенин жашырган жок. 

«Эми анын баарын биринчи жасаш керек да. Андан кийин анан эмне кыларыбызды сүйлөшөбүз. Биз азырынча реконструкциясын гана кылып жатабыз. Андан ары эмне кылабыз, сатабызбы же дагы бир нерсе кылабызбы, алдыңкы келечектин маселеси», — деп билдирди “А Групптун” ээси. — “МБТ Строй” реконструкция келишимин түзүп жатат. Учурда биз ал жакта реконструкциянын планын жасайбыз. Ал жакка инвестиция салып. Андан кийинки чечим иштеп чыгуу баскычында турат. Жабдуулар кымбат, ал кыйла узак убакыт курулат, ошондуктан алгач бардык долбоордук чечимдерди алып, ал жакта канча электр энергиясы болорун түшүнүп алыш керек, андан кийин гана аларды эмне кыларыбыз анык болот. Алгач долбоорду жасап чыгышыбыз керек. Азырынча долбоордук уюм менен келишим түзүү баскычында турабыз».

Зайцев инвестициялардын көлөмү, электр энергиясынын баасы жана анын Мурманск, 56А дарегинде катталган компаниясы тууралуу «Клооптун» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Жүгүртүмү миллиард долларды чапчыган темир саткан компания мындай күмөндүү схемага эмне үчүн катышып жатканы дале болсо түшүнүксүз. Анан да алынган продукцияны эмне кыларыңды билбей туруп келишим түзгөндүн  өзү да түшүнүксүз. Бизнесте, айрыкча 30 жылдык тарыхы бар ири бизнесте андай болбойт да?!

Кыргызстан үчүн бул билинбей калгыдай окуя эмес. Өлкөдө 3 млрд кВт саат электр энергиясы тарштыш. Аны өкмөт Казакстан, Түркмөнстан жана Орусиядан орточо 2,6 сомдон сатып алып толуктап, калкка сатууда ортодогу айырмасын өлкө бюджетинен төлөп берип жатат. Эми ушунун баарына карабастан мамлекет Камбар-Ата-2ден жеке компанияга электр энергиясын болжолдуу беш эсеге арзан сатуу милдетин алууда. Келечекте Акылбек Жапаровдун бул токтому калк үчүн электр энергиясын берүүдө кайрадан үзгүлтүктөргө алып келбейт дегенге кепилдик жок. 

Материалдын авторлору: Виктор Мухин, Арууке Солтоной, Екатерина Резникова, Александра Ли.