Евгения Судец Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башчылыгынан кетти

13-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрайымы Евгения Судец ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. Мекемеден Судец кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин белгилешти.

Судец кызматтан кетүү чечимин Мамлекеттик банктын Директорлор кеңешинин кезексиз жыйынында билдирген. Кеңеш анын арызын кабыл алган.

Евгения Судец. Сүрөт: ВТБ Лизинг компаниясынын Фейсбук барагынан алынды.

Судец деген ким?

Евгения Судец Кыргызстандын мамлекттик өнүктүрүү банкынын жетекчилигине 2022-жылдын декабрында келген.

Economist финансылык басылмасынын маалыматына ылайык, ал көп убакыт бою Орусиянын ВТБ банкнын түзүмдөрүндө иштеген. Ал жерде жогорку жетекчилик кызматтарды аркалап, «Москва банкынын» башкаруучу компаниясынын башкы директорунун орун басары жана каржы директору болгон. Судец 2022-жылдын июлунда жеңилдетилген тартип менен Кыргызтандын жарандыгын алган.

29-мартта «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө жарыялаган. Анда MEGA ишканасын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар тууралуу жана ага Максим Бакиевге байланыштуу адамдардын тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

«ПолитКлиниканын» иликтөөсүндө Судецтин күйөөсү болушу мүмкүн Владимир Андросик деген кишинин Максим Бакиев менен байланышы бар болушу мүмкүндүгү белгиленген.

Андан тышкары, депутат Жанар Акаев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Судец Максим Бакиевдин жакын досу эсептелген Алексей Ширшов менен биригип алганын билдирген. Ширшовду электр тармагындагы коррупциялык схемалардын автору катары белгилүү.

Жанар Акаев Судец өзүнө 1 млн сом айлык коюп алганын дагы айткан.

Ал эми MEGA’нын башкы директору Нурлан Мамытов «ПолитКлиниканын» иликтөөсүнө комментарий берип жатып уюлдук байланыш операторуна карата маалыматтык чабуул башталып, компания дискредитациялоо жүрүп жатат деп деп билдирген. Ал абийирсиз журналисттер тараткан туура эмес маалыматка ишенбөөгө чакырып, иликтөөнү «такталбаган маалымат» деп атаган.

Башкы беттеги сүрөт топтому: «Азаттык».