Базанын азыркы көрүнүшү ушундай. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Мындан 15 жыл мурда Бакиевдин адамдары тарабынан басып алынган «Кыргызтемирдин» өндүрүштүк базасы дагы деле мыйзамдуу ээсине кайтарыла элек. Анысы аз келгенсип, аткаминерлер басып алууну толук мыйзамдаштырууга салым кошуп жатышат. Бирок ошол эле маалда, басып алгандардан 12 млн сом салыкты өндүрүп алууга аракет да кылышкан жок.

Мунун баары Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Ширшовдун Кыргызстанга аман-эсен келишинин, президент Садыр Жапаровдун Курманбек Бакиев менен жолугушуусунун жана жакында эле белгиленген 2010-жылдагы апрель революциясынын 13 жылдыгынын шартында өтүп жатат. Жапаров ыңкылаптын кайталанышына жол бербөө үчүн болгон күч аракетин жумшап жатат.

7-апрель күнү Кыргызстан өлкөнүн экинчи президенти Курманбек Бакиевдин кланы тактан кулаттылган апрель ыңкылабынын кезектеги жылдыгын белгиледи. Бул окуя лидерди күч менен алмаштырган учурлардын биринчиси эмес, бирок Бакиевдин башкаруусу талап-тоноо, киши өлтүрүү менен эсте калгандыктан ушул күн майрам катары белгиленет. Анын үй-бүлөсү уурдаган мүлк мамлекеттин карамагына кайтарылган деп эсептелет.

Ушул өңүттөн алганда, сырткары кишиге таптакыр тиешеси жоктой сезилген, чакан бир юридикалык окуя көңүл сыртында калып калган. Жакында, 2023-жылдын 18-апрелинде Бакиевдер өнөктөштөрү болуп рейдерлик жол менен басып алган «Кыргызтемир» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк базасынын сатуу-сатып алуу келишиминен салык өндүрүү боюнча иштин мөөнөтү эскирет. Соттук териштирүүлөр маалында мамлекет ишкананын мыйзамдуу ээсинин укуктарын коргобогону аз келгенсип, бул иштен өзү да зыян тарткан — мамлекетке 12 млн сом салык түшпөй калган. А Бишкекте жайгашкан ишкана дагы деле «бакиевчилердин» тескөөсүндө турат.

«Кыргыз темирди» кантип тартып алышкан?

«Кыргыз темир» — 2000-жылдардын ортосунда Кыргызстан боюнча дээрлик жыйырмага жакын объектиге — дүкөндөргө, Ысык-Көлдөгү пансионаттарга, соода комплекстерине ээлик кылган акционердик коом. Бирок негизни активи — Бишкектин Мурманск көчөсү 56 дарегиндеги дээрлик 17 миң чарчы метрди түзгөн өндүрүштүк база. 2017-жылы акционердик коомдун административдик жана өндүрүштүк имараттары, кампалары, темир жол линиялары, эки тепловоз жана 12 краны бар болчу. Мунун баары Бишкектин борборунан анча алыс эмес жерде, бардык коммуникациясы бар 7,8 гектар жерде орун алган.

2007-жылы, Курманбек Бакиев бийликтин эң жогорку чегинде турганда, анын үй-бүлө мүчөлөрү мүмкүнчүлүктү активдүү пайдаланып, рейдерлик басып алууларды ишке ашырган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, президенттин уулу Максим Бакиев менен анын кол алдында иштеген Алексей Елисеев «“Кыргызтемир” ААКнын мүлкүн жана акциялар пакетине ээ болуу максатында», «акционерлердин кызыкчылыгына каршы, коркутуу жана шантаж кылуу менен», өздөрүнүн жакындары аркылуу акционерлерди контролдук пакетти сатууга мажбурлашкан. Мында «Кыргыз темир» ААКнын 66,9% акциясын «Амадеус» ЖЧКсы алганы тууралуу кеп болууда.

Андан соң алар өндүрүштүк базаны Global Group жабык акционердик коомуна сатышкан. Компанияга Алексей Ширшов менен байланышы бар адам ээлик кылган. Ширшов — энергетикалык компаниялардын мурдагы топ-менеджери, Максим Бакиевдин досу жана бакиевдер кланынын коррупциялык схемасынын авторлорунун бири.

Сатылып кеткенден кийин дароо эле «Кыргыз темир» базасы бажы кампасы деген лицензия алып, жаңы кожоюндар имараттын калган бөлүгүн ижарага бере башташкан. Бул кыймылсыз мүлккө ээлик кылгандар кандай пайда көргөнүн мындан билиңиз — кампалардын ижара акысы айына 170ден 600 миң сомго чейин бааланат.

Мындан сырткары, база башынан эле кыргыз банктарынан акча чыгарып кетүү үчүн колдонула баштаган. Global Group базаны күрөөгө коюп, биринчи кредитти 2009-жылы «Ысык-Көл» коммерциялык банкынан алган. 2007-жылы бул банкты Максим Бакиевдин кишилери басып алган, ал эми банктын жетекчиси болуп президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова дайындалган.

2010-жылы, президент Бакиев тактан кулагандан кийин, элдик толкундоонун шарданы менен анын үй-бүлөсүнүн жана ага жакын адамдардын мүлкү камакка коюлган. Арасында бакичевчилер «Кыргызтемирден» тартып алган база да бар болчу.

Бирок 2017-жылга чейин мүлккө ээлик кылган компаниялардын жетекчилигин бир нече жолу алмаштыруу аркылуу базаны камактан чыгарышкан.

Максаты — ээлик кылуунун схемасын ушунчалык чаташтырып, өлкөдөгү бир дагы судья мүлк кимге тиешелүү экенин, аталган юридикалык жактарга тийиштүү активдерди кантип бөлүштүрүү керек экенин аныктай албагандай баш айлантма уюштуруу болгон.

Баам салып отургула. Рейдерчилер кантип из жашырган?

2016-жылдын апрелинде «Кыргыз темирдин» өндүрүштүк базасыын тарыхында Орусиянын жана Кыргызстандын жараны Владимир Цмоколо деген киши пайда болгон. Ал кезде база Global Group компаниясына өткөн болчу. Цмоколо качандыр бир кезде, жеке керектөөлөрү үчүн деп Global Group компаниясынын ээсине карызга 15 млн сом бергенин айтып сотко доо арыз менен кайрылган. Карызын кайрып бербегендиктен анын ордуна өндүрүштүк базаны берүүнү суранган. Чындап эле карыз бергенби, белгисиз, бирок сот анын талабын канааттандырган. Бирок, прокуратура бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт, анткени компания жетекчинин жеке карызы үчүн күрөө болбошу керек. Андан тышкары, карыз боюнча тил кат нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмес. Бирок бул фактылар сотту жалтанткан эмес. Натыйжада, банк кийинчерээк 381 млн сом деп баалаган база 15 млн сомдун акысына Цмоколого өткөн.

2017-жылдын апрелинде, апрель ыңкылабынын жеңишин шылдыңдагансып, Цмоколо ишкананы кайрадан бакиевдик Global Group фирмасына 136 млн сомго саткан. Ал чындап эле бул сумманы алганбы, белгисиз. Бирок бул келишимден Кыргызстандын бюджетине 12 млн сомдон ашык салык түшүшү керек болчу. Бирок «Кыргыз темирдин» ишине байланыштуу сот отурумдарына катышкан юрист Елена Дзимидовна «Клоопко» бөлүшкөн документтерге караганда, ошол бойдон келишимден түшчү салык төлөнгөн эмес.

Мамлекет бюджетке түшпөй калган акчаны өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнөн бүгүн, 18-апрелде кол жууйт, анткени иштин мөөнөтү аяктайт. Бирок минкаб төрагасынын салык төлөбөгөндөр мекенине чыккынчылык кылгандар деген коркутуулары бозгун президент Курманбек Бакиевдин айланасындагыларга тиешеси жок окшойт.

Цмоколо менен Global Group’тун ортосундагы сатып алуу-сатуу тууралуу келишим балким, базаны күрөөгө коюп банктан дагы бир ири суммада кредит алуу үчүн керек болгондур. Анткени, ошол эле 2017-жылы, бакиевчил фирма «Бакай Банк» коммерциялык банкынан 1,2 млн доллар алган.

2018-жылдын июнунда Global Group дагы кредит алган — бул жолу «Айыл банк» мамлекеттик банкынан 1,5 млн доллар. Күрөөгө ошол эле «Кыргыз темирдин» базасын койгон.

Августта бакиевчил фирма үчүнчү кредитти алган — кайрадан «Айыл банктан», бирок 34 млн сом (ал учурда 500 миң доллардын тегерегиндеги акча). Күрөөгө кайра эле ошол база коюлган. Мамлекеттик банктын кадамы [кредит берүү] мыйзамдуу болгонбу деген суроо ачык бойдон калууда.

2018-жылдын ноябрында Кыргызстандын Жогорку соту базаны камакка алуу боюнча 2010-жылы кабыл алынган чечимди калыбына келтирген. Бирок кеч болуп калган эле: «Кыргызтемир» бир нече жолу банкка күрөөгө коюлган болчу.

2019-жылдын мартында прокурор базаны мамлекеттин пайдасына конфискациялоону талап кылган. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту бул талапты канааттандырган эмес. Себеби ишкананын «бакиевдик» схемаларга катышканы үчүн жаза мөөнөтүн алган биринчи ээлери — Денис Гладышев жана Ульяна Пакка чыгарылган өкүмдө база кылмыштуу жол менен алынган деп айтылган эмес. Анткен менен кылмыш иштеринин бири боюнча айыптоодо ишкана тууралуу маалымат болгон.

Жыйынтыгында, сот «Кыргыз темирге» коюлган камакка алууну жокко чыгарып, Бакиевдин айланасындагыларга качандыр бир кезде басып алган мүлкүн каалагандай калчоого мүмкүнчүлүк түзүп берген.

2021-жылдын башында Ленин райондук салык кызматы Global Group компаниясында жеринен текшерүү жүргүзүшү керек болчу. Текшерүүнүн себеби — дал ошол Цмоколо менен түзүлгөн келишимден кийин мамлекетке төлөнбөй калган 12 млн сом. Бирок текшерүү жүргүзүлбөй калган — прокуратура аны четке каккан. Кийинчерээк Global Group ЖАКтын ээлери компаниянын аталышын «Азия Пром Групп» ЖАК деп өзгөртүп, ликвидация процедурасын башташкан.

Орусияга реэкспорттун шартында Бакиевдердин жандануусу

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темирдин» Бишкектеги өндүрүштүк базасы мурдагыдай эле «Азия Пром Групп» жабык акционердик коомуна таандык. Бир кездеги өндүрүш ишканасы кампа жана кеңсе орундары катары ижарага берилип жатат. Бул объекттер Бакиевдердин Global Group фирмасына кредиттерди берген банктардын күрөөсүндө турат.

«Азия Пром Групптун» жетекчиси — Кымбат Урумкулова. Ага чейин ал Global Group’ка ээлик кылган жана Талантбек Иманов менен байланышы бар «Central Asia Financial Partnership» жабык акционердик коомунун жетекчиси болгон.

Талантбек Иманов 2010-жылдын апрелине чейин Ширшовдун айдоочусу болгон, ал кезде Ширшов «ТНК Дастан» ААКтын директору болуп турган. Ширшов өлкөдөн качкандан кийин Иманов анын үйүндө жашап, банктык депозитин башкарган. «Кактус» Ширшов 2022-жылы «Дастан» заводунда Иманов менен жолугушканын жазган.

Бакиевдер тактан кулагандан кийин коррупцияга айыпталып, бирок эркиндикте калган Ширшов Кыргызстанга кайтып келген. Ага суудан кургак чыгууга президент Садыр Жапаров менен жеке жолугушуусу жардам берген. Президент өзү Ширшов менен жолукканын учурда Лондондо жашап жүргөн Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен 200 млн долларды мамлекетке кайтарууга жардам берип жатат деп түшүндүргөн. Бирок андан бери аталган акча өлкөгө кайтарылдыбы же жокпу дайыны билине элек.

«Клооп» буга чейин Садыр Жапаров менен УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев бозгун президент Курманбек Бакиевге карыздар экенин эскерген эле. 2020-жылы Жапаров качкын президенттер Акаев менен Бакиевди «көпчүлүк эл кечирсе» Кыргызстанга алып келерин билдирген. Ал эми 2023-жылдын февралында өлкө башчысы күтүлбөгөн жерден эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан чыгарып, бардык мурдагы президенттер менен Дубайда жолугушуу уюштурган, ага 2010-жылдан бери Беларустун баш калаасы Минскте жашап жүргөн Бакиев да катышкан. Жапаров аны «өлкө келечеги үчүн» бардык мурдагы президенттердин тарапташтарын бириктирүүнү каалап жасаганын айткан.

Өкмөттүк аппараттын координациялоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Эркин Сакиев Жапаровдун жараштыргыч миссиясын Кыргызстанды санкцияларды минималдаштыруучу базага айландырууну жана ички саясий күрөштүн чыңалуусун азайтуну каалаган Москванын басымы менен байланыштырган. Бул чындыкка жакындай: 2022-жылы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын эсебине ылайык, Кыргызстан Орусияга реэкспорт кылуудан 36 млрд сом тапкан, ал эми Орусия Федерациясынын тышкы саясатынын концепциясында өлкөнү постсоветтик мейкиндикте «түстүү революцияларды болтурбоонун» башкы максаты деп атаган.

Балким, Путин башында турган Евразия жандармынын бул жерде тиешеси жок жана Садыр Жапаров өзү качандыр бир кезде ошолорго окшоп саясий туңгуюкка түшүп калбаш үчүн кландардын арасында баланс издеп жаткан болушу мүмкүн. Өлкө барган сайын диктатурага сүңгүп кирип баратат жана «Кыргыз темирдин» ишинде адилеттүүлүк болору бул туюнтмага сыйбайт.

Авторлору: Екатерина Резникова, Арууке Солтоной, Виктор Мухин

Дагы окуңуз:

Дагы көрүңүз: