Орусиялык активисттин тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды. Ал экстрадицияланышы мүмкүн

Бишкетин Биринчи май райондук соту июндун башында кармалган орусиялык саясий активист Алёна Крыловаганын тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот бул чечимин УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен кабыл алган. Соттон Крыловага карата 4-сентябрга чейин Бишкетин №1 тергөө изоляторунда кармоо чарасы менен экстрадициялык камак колдонулганын билдиришти.

Орусиялык саясий активист Алёна Крылова 4-июнда кармалган. Бирок анын кармалганы 11-июнда араң, Орусиянын Sota басылмасы жазып чыкканда белгилүү болгон.

Басылма Крылова Бишкектин борборунда сейилдеп жүргөндө кармалганын жазган. Активист Орусияга депортацияланашы ыктымал, ал жакта ага «экстремисттик коомчулукту түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Sota медисынын маалыматына ылайык, Крылова Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы жана орус бийлиги экстремисттик деп тапкан «Солчул каршылык» кыймылынын мүчөсү.

Кыргызстанда Крыловага чейин атайын кызмат тарабынан башка дагы орусиялык активисттер кармалган. Мисалы, июнь айында Орусияда аскер комиссариатын өрттөгө айыпталган согушка каршы активист Алексей Рожков Кыргызстандан чыгарылганы белгилүү болгон.

Ошол эле айда Бишкекте Орусиядагы «Левый блок» коомдук кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалган. Орусияда ага ФСБнын Москванын түштүк-батыш округу боюнча бөлүмүнүн алдында нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча окуңуз: «Азаттык»: Бишкекте он күндүн ичинде орусиялык үч активист кармалды