Кыргызстан согушка каршы чыккан активист Алексей Рожковду Орусияга депортациялады

«Зона солидарности» уюмундагы укук коргоочулар кыргыз бийлиги согушка каршы чыккан активист Алексей Рожковду Орусияга депортация кылганын билдирди. Рожков 2022-жылдын февралында орус армиясы Украинага ири алкакта кол салып киргенден кийин Екатеринбургдун Березовск шаарындагы аскер комиссариатын өрттөп кеткен. 

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Рожковду Орусияга майдын аягында чыгарып кетишкен. Учурда ал Екатеринбургдагы ТИЗО-1де отурат. 

Уюмдагылар военкомат өрттөлгөндөн кийин Рожков кармалып, «киши өлтүрүүгө аракет кылган» деп айыпталганын, себеби ал учурда имаратта бир аял болгон имиш деп айтылганын белгилешти.  

«Жарым жылдан кийин бул берене “мүлккө зыян келтирүү” деген беренеге өзгөртүлүп, Рожков ТИЗОдон бошотулган. Бийлик аскер комиссариаттарын өрттөө иштери “торрордук акт” катары каралышы керек деп баштаган учурда Рожков Орусиядан чыгып кеткен», — деп билдиришти «Зона солидарности» уюмунан. 

Орусиядан Рожков 2022-жылы декабрда чыгып кеткен. 2022-жылдын ичинде Орусияда жалпы 77 аскер комиссариатын өрттө аракеттери катталган. 

Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыгып жаткан активисттер Орусиянын өзүндө эле эмес, Орусия менен достук мамиледе турган, мисалга, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө дагы кысымга кабылып жатышат. 

Буга чейин Бишкекте орусиялыктар ачкан «Красная крыша» коомдук борбору жабылган. Активисттер борборду күч органдардын кысымынан улам жабууга туура келгенин айтышкан