«Ушул үчүнчү окуя». ЖМК Бишкекте орусиялык активист кармалганын жазды

Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алёна Крылова кармалды. Sota басылмасы Бишкектеги үч маалымат булагына таянып, активист 4-июнда кармалганын, бирок бул тууралуу бир апта өткөндөн кийин гана белгилүү болгонун жазды.

«Крылова Бишкектин борборунда сейилдеп жүргөндө Орусияга өткөрүп берүү үчүн кармалган: бул жерде (Орусияда) ага карата “экстремисттик коомчулукту түзүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон», — деп жазды басылма.

Sota медисынын маалыматына ылайык, Крылова Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» («За права человека») кыймылынын мурдагы басма сөз катчысы жана орус бийлиги экстремисттик деп тапкан «Солчул каршылык» («Левое сопротивление») кыймылына мүчө.

Басылма активист дагы деле Кыргызстандабы же орус тарапка өткөрүлүп берилдиби, азырынча белгисиз экенин белгиледи.

Бул июнь айында эле Кыргызстанда орусиялык саясий активисттер кармалган үчүнчү учур.

6-июнда аскер комиссариатын өрттөп кетүүгө айыпталган, согушка каршы активист Алексей Рожков Кыргызстанда кармалганы белгилүү болгон. Алексей өзү УКМКнын кызматкерлери «эгерде кызматташпасаң, кыйнайбыз деп коркутушканын» айткан.

9-июнда Бишкекте орусиялык «Левый блок» коомдук кыймылынын активисти Лев Скорякин кармалганы маалым болгон. Орусияда ага карата Москванын түштүк-батыш округундагы ФСБнин бөлүмүнүн имаратынын астында нааразыылык [согушка каршы] өткөргөнү үчүн кылмыш иши козголгон. Ал дагы бир активист менен бирге репрессияга каршы «ЧК күнү менен» ( «С Днем ЧКиста») деген жазуусу бар баннерди кармап турган болчу.