Кыргызстандык жүк ташуучулар казак-орус чек арасынан өтө албай жатканын айтышууда

Казак-орус чек арасынын «Маштаково» өткөрмө бекетиндеги унаалардын узун кезеги. 9-июль, 2023-жыл. Сүрөт: Айдоочулар.

Кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен Казакстандын чек арасындагы «Маштаково» бекетинен өтө албай турушат. Айдоочудар мындай көрүнүш дээрлик он күндөн бери уланып жатканын 9-июлда «Азаттыкка» билдиришти.

Алардын айтымында, узун кезектин жаралуусуна Орусиянын бажы текшерүүлөрүн күчөткөнү себеп болгон. Айдоочулардын бири 7-8-июль күндөрү жолдогу тыгын 4-5 чакырымга чейин созулганын айтып берди.

«Бүгүн дагы кезек анча эмес, кечээ айдоочулар тыгын 20 чакырымга чейин жеткенин айтышты. Алдымдагы унаалардын айдоочулары бул жерде 10-12 күндөн бери турабыз деп атышат. Элестетсеңиз, эмне деген шумдук! Анысы аз келгенсип, орус тарап жалпы керектелүүчү товарларды өткөрбөйбүз деп жатыптыр. Болбой эле көгөрүп турабыз, башка айла жок», — деп окуянын чоо жайын түшүндүрдү өзүн Харки деп тааныштарган айдоочу.

Ал орус тарап жүк ташуучуларды ушинтип «маал-маалы менен түйшүккө саларын» кошумчалады. Кезекте тургандардын арасында өзбек, казак жана грузиялык оор жүк ташуучулар да бар экени айтылууда.

«Бул жерде күн аябай ысык, баарыбыз автоунааларды от алдырып коюп турабыз. Жашылча, жер-жемиш ташыгандарды башка бекеттерде эрте эле өткөрүп атышат, биз болсо турабыз. Жалпы керектелүүчү товарларды алып бараткан көп шоопурларды жолдон эле токтотуп, документтерин текшерип кыйнап атат, алар чек арага жетпей да калды. Анык себебин билбейм, ар келген сайын жаңы эрежелер киргизилет», — дейт айдоочу.

Азырынча Орусия тыгын жана текшерүүлөр тууралуу комментарий бере элек. Ал эми Кыргызстандагы жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев бул маселеге кыргыз бийлигинин «тиешелүү документтерди өз убагында бүтүрбөгөнү себеп болду» деп эсептейт.

Министрлер кабинетинен «Клоопко» бул боюнча маалыматты тактап жатышканын айтып, кийинчерээк комментарий берүүнү убадалашты.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Биримдикте андан тышкары Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения бар. Анда башкы артыкчылык катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында бажы жана чек ара тоскоолдуктары болбой турганы айтылган.

Иш жүзүндө кыргыз-казак жана казак-орус чек арасынан жүк өткөрүүдө тоскоолдуктар жаралып, бир нече чакырымга созулган тыгындар байма-бай жаралып келет.