Казак-кыргыз чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду

«Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекети

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде 11-январдын саат 22:00го карата унаалардын тыгыны жаралды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кезекте 130га чукул оор жүк ташуучу унаа турат — анын 10у айыл-чарба азыктары менен, 20сы контейнер менен жана 100ү жүгү жок турат.

«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагындагы текшерүүгө байланыштуу пайда болду. Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөр киргизген эместигин эскертет», — деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматынан башка өткөрмө пункттарда жарандардын жана унаалардын тыгыны байкалбаганын белгилешти.

Казак бийлиги 7-январдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы жети өткөрмө бекеттин бешөөсүн убактылуу жапкан, алар: «Каркыра — Автожол», «Кең-Булуң — Автожол», «Токмок — Автожол», «Ак-Жол — Автожол» жана «Ак-Тилек —Автожол». Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттары «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.

Ошол эле учурда Кыргызстанда болгон Казакстандын жарандары «Ак-Жол — Автожол», «Ак-Тилек — Автожол жана «Каркыра — Автожол» пункттарынан мекенине кайта алышат. Ал эми Казакстанда болгон кыргызстандыктар өлкөгө «Чалдыбар — Автожол» жана «Чоң-Капка — Автожол» өткөрмө пункттары аркылуу кире алышат.