«Азаттык» менен Маданият министрлиги «тынчтык» келишимин түзүп, соттук териштирүү токтотулду

«Азаттык Медиа» 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалын бардык барактарынан өчүрдү. Бул тууралуу 12-июлда Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Маданият министрлиги менен «Азаттыктын» ортосундагы «тынчтык келишимин» 12-июлдагы отурумунда бекитти.

«Анык эмес маалымат камтыган бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, министрлик менен “Азаттыктын” ортосундагы бардык соттук териштирүүлөр токтотулду. “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат», — деп белгилешти министрликтен.

Бул маалыматты «Азаттык» үналгысынан да тастыкташты. Бирок чек-арадагы куралдуу жаңжал тууралуу материал «басылманын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу жеткиликсиз» экенин белгилешти.

«Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык жана интернет мейкиндигинде жогорудагы видеоматериал жок болгондугуна байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет», — деп айтылат басылманын билдирүүсүндө.

Ал арада Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, буга чейин Садыр Жапаровго «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын жаңы президенти Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

«Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын мурдагы президенти жана башкы директору Жейми Флайдын жолугушуусунда сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан. Бул, өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил, же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт», — деди ал.

Ушул эле күнү Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым, анын ичинде «Азаттыктын» иши тууралуу резолюция талкууланары белгилүү болду.

Документте «2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени» белгиленет.

«Азаттыкты» жабуу аракети

«Азаттык» үналгысынын сайты өткөн жылдын 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги «Анык эмес маалыматтарды коргоо жөнүндөгү» мыйзамга таянып кабыл алган.

Ага «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. 

Кийин «Азаттыктын» сайты бул материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. 

«Азаттык Медианын» иш-аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

Кийин сот Маданият министрлиги өтүнүчүн канааттандырган. Ал эми «Азаттыктын» адвокаттары чечимге макул эмес экенин айтып, апелляциялык арыз берген.