Маданият министрлиги: «Азаттыктын» сайты көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүн бөгөттөн чыкпайт

«Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берет. Бул тууралуу «Азаттык» Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Салкын Сарногоевага таянып жазды.

Башында басылманын сайты эки айга бөгөттөлөрү айтылган. Бирок азыр Маданият министрлиги сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине уруксат берилерин айтууда.

«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептешкен.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана андан «стандарттардын бузулганын аныкталбаганын» билдиришкен.

Ал эми радионун президенти Жейми Флай министрлик айтып жаткан материалда стандарттар бузулган эмес деген тыянакка келишкенин билдирген. Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

Ошондой эле эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму басылманын сайты бөгөттөлүшүнө комментарий берип, кыргыз бийлиги жакында эле сөз эркиндиги менен жарандык коомго урулган соккунун шартында ЖМКны көзөмөлдөө жана цензурага алуу боюнча чараларын күчөттү деп билдирген.

Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигин «“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.