Акыйкатчы аялдын үйдө бала карап отурган убактысын эмгек стажына кошууну сунуштады

Бишкекте өткөн лидер аялдардын курултайында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй кожойкелерин колдоо максатында алардын үйдө бала кароого жана тарбиялоого кетирген убактыларын эмгек стажына кошуп эсептөө керектигин билдирди. Бул тууралуу 11-июлда акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы бала багуу же тарбиялоо үчүн жумушун таштоого аргасыз болгон аялдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, бул кадам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка жана аялдар менен балдарга карата стереотиптерге каршы күрөшүүдө жардам берет.

«Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, бала карап үйдө отурган аялдарга ошол убактысын эмгек стажы катары эсептөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек», — деди Жаманбаева.

Ал эмгек рыногунда аялдардын орду азыраак экенин жана билим албай калган кыз-келиндер экономикалык жактан көз каранды болуп, алардын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылуу тобокели жогору экенин кошумчалады.

Андан тышкары, Жаманбаева кыз-келиндерге экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрүнө катышуусуна айылдабы же шаарда болобу эркектер менен бирдей шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү керектигин белгиледи. Ошондой эле аялдардын арасында ишкердикти өнүктүрүү үчүн бизнес ачууга пайызсыз кредиттерди берүү кажет деп эсептейт акыйкатчы.

Сөзүнүн аягында акыйкатчы мамлекет тараптан кабыл алынган чараларга карабастан аялдарга карата кордук көрсөткөндөр көп учурда жазасыз калып, өлкөдө аялдарга карата зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын эске салды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жогорку билимдүү кыздар көбүрөөк экенине карабай эмгек рыногунда алардын саны эркектерге караганда аз. Алсак, 2020-жылы жумушчу күчтүн курамындагы эркектердин катышы 75%ды түзсө, ал эми аялдардыкы 46%ды түзгөн.

Биринчи себеби — эркектер менен аялдардын 80%га жакыны аял үй бүлөнү жана балдарды карашы керек, ал эми эркектер акча табышы керек деп эсептешет.

Экинчи себеби — балдардын төрөлүшү. 25тен 34 жашка чейинки эркектердин 80%дан ашыгы иштейт — бирок ушул эле куракта аялдардын болгону 40%ы иштейт.

Автору: Медина Шамшидинова.
Иллюстрация: Татьяна Зеленская.

Тема боюнча окуңуз: Улуттук статком: Кыргызстанда билимдүү аялдар көп, бирок айлык акысы аз

Балдарына азык-түлүк, кийим-кече камдаган кыргызстандык жалгыз бой аял канча саат иштеши керек?