Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 1-январынан тартып бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр накталай эмес төлөмдөргө өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйынында белгилүү болду.
Жапаровдун айтымында, мындай чаралар жүргүзүлүп жаткан операцияларга көз салуу жана салык төлөмдөрүн жөнгө салуу үчүн көрүлүп жатат.
«Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуу жана башкаруу, ижарага берүү жана сатып алуу боюнча бардык операциялар накталай эмес формада гана жүргүзүүлүгө өткөрүүгө тийиш. Ансыз активдерди каттоо жана кайра каттоо жүргүзүлбөшү зарыл. Ансыз салыктардын төлөнбөй калышын токтотуп, алардын ачык-айкындыгын камсыздай албай калабыз», — деди Жапаров.
Ошондой эле минкабдын башчысы өлкөдө салык төлөө милдети бийлик карманган негизги принциптердин бири экенин айтты.
«Калктан салыктырды ак ниеттүү төлөө гана талап кылынат, калганын баарын биздин өкмөт жасап беришибиз керек. Экономикалык патриоттукту өлкөбүзгө толук киргизүүбүз абзел. Салыктар бул өнүккөн өлкөдө жана цивилизациялык коомдо жашоо мүмкүнчүлүгү үчүн төлөгөн баабыз. Салыктарды өз убагында төлөө мамлекеттин бакубаттыгын камсыз кылат. Бул ийгиликке жетишкен бардык өлкөлөрдө кадимки, нормалдуу көрүнүш. Салыкты жаңы мектептерди, жолдорду, ооруканаларды, бала бакчаларды курууда, ошондой эле татыктуу пенсия жана эмгек акы төлөөдө жарандар үчүн мамлекеттин социалдык кызматтарды колдоого кошкон салымы катары кабыл алуу керек», — деди Жапаров.
Көмүскө экономика менен күрөшүү жана жаңы салык кодекси
2021-жылы жайында бийлик көмүскө экономика менен активдүү күрөшүп баштоону чечкен. Ал учурдагы Экономика жана финансы министрлиги салык кодексинин жаңы редакциясынын биринчи долбоорун иштеп чыгуу менен алектене баштаган.
Анда экономика министрлигинен Салык кодексинин жаңы долбоорунун максаты — «салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу» экенин белгилешкен.
Ошондой эле ведомство, долбоор мындан ары «салык процедураларын санариптештирүүгө» жардам берип, «ишкерлерге бирдей шарт түзүүнү жана көмүскө экономиканы кыскартууну» камсыздайт деп айткан.
Кодекске түзөтүүлөр бир нече жолу киргизилген. Ошол эле учурда түзөтүүлөр «чийки жана дал келбестиктердин» айынан бир нече жолу сынга алынган.
Мисалы, салык кодексиндеги жаңы түзөтүүлөрдөн улам бийлик ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга милдеттендирген. ККМ киргизүүнү бийлик чакан жана орто бизнести көмүскөдөн чыгаруу аракети менен негиздеген.
Бирок ар башка тармактын жеке ишкерлери 2021-жылдын ичинде бул талаптарга каршы болуп, утур-утур митингтерге чыгышкан.
Электрондук товардык транспорттук коштомо (ЭТТК) 2023-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү болуп калган. Аны товар жүгүрткөн ишкердикдин бардык субъектилери колдонушу керек. ЭТТК — бул товар жөнүндөгү, жөнөтүүчү, алуучу жана транспорттук каражаты тууралуу маалыматты камтыган өкмөт тарабынан бекитилген электрондук документ.
Бирок айрым ишкер бул системаны колдонууда кыйынчылыктарга туш болуп, система жеткиликтүү эместигине даттанышкан. Андан тышкары, Бухгалтерлер ассоциациясынан ЭТТК бухгалтерлердин массалык түрдө жумуштан кетишине себеп болгонун айтышкан. Январдын аягында Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ЭТТКны киргизүүдөн баш тартып же жок дегенде кийинкиге жылдыруу керектигин айткан.
17-февралда Салык кызматы 2023-жылы ишкерлерде кыйынчылыктар жаралгандыктан ЭТТКны колдонбоо үчүн айыптар салынбасын билдирген.
Бирок ишкерлер кайрадан митингтерге чыга башташкан. Акыркы чоң акция 2-мартта Бишкектеги Горький атындагы паркта өткөн. Акцияга дүң базарлардын, анын ичинде «Дордой Моторс», «Азиз», «Аламүдүн» жана «Ош базарынын» жүздөн ашык соодагери катышып, ККМ жана ЭТТКны жокко чыгарууну талап кылышкан.
Бийлик жаңы иш талаптарынын максаты — товар жүгүртүүнүн жана бюджетке салыктык кирешенин ачыктыгын камсыз кылуу экенин баса белгилеп келет. Бирок, министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, зарыл болсо, бийлик базарларда ККМди колдонууну кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн караштырат.
Автору: Салия Хурова