«Акылбек Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер ККМ жана ЭТТКга каршы митингге чыгышты

2-мартта Бишкектеги Горький атындагы паркта кассалык көзөмөл аппаратка (ККМ) жана электрондук товардык транспорттук коштомого (ЭТТК) каршы митинг өтүп жатат. ЖМКнын маалыматына ылайык, дүң базарлардын анын ичинде «Дордой Моторс», «Азиз», «Аламүдүн» жана «Ош базарынын» сатуучулары митинг өткөрүүдө.

Жеринен тартылган кадрларда митингге жүздөй адам келгени көрүнүп турат. Ал эми ЖМКнын маалыматына ылайык, митингге чыккандар 1000 адамга чейин жетиши мүмкүн. Алар: «Карапайым элди кыйнабагыла», «Биз ЭТТКга каршыбыз», «Ишкерлер өкмөттүн салык саясатына каршыбыз» жана «Акылбек Жапаров кетсин!» деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Tazabek митингге чыккандардын бирине таянып, сатуучулар ЭТТКны колдонууга даяр эместигин, анткени соодагерлер ар жумушчу күндүн аягында товарды электрондук коштомо системасынан чыгарышы керектигин жазды. Аны менен катар эле, митингдин катышуучуларынын айтымында, товар алып келүүчүлөр ЭТТКга катталбаган ишкерлердин дүкөндөрүнө товарларды жеткирүүдөн баш тартууда.

Ошондой эле 24.kg маалыматтык агенттиги сатуучулар көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүүгө жана соода сатык ишмердиги үчүн делген бирдиктүү салыкка каршы чыгып жатышканын кабарлады. Алар чекене соода үчүн патенттик сисеманы калтырууну талап кылышууда.

Бул сатуучулардын ККМге жана ЭТТКга каршы биринчи эле митингги эмес. Алар 20-февралда нааразычылык акциясына чыгышкан, бирок анда алардын саны эки эсе аз болчу.

ЭТТКга даярдыктын жоктугу

ЭТТК — бул товар жөнүндөгү, жөнөтүүчү, алуучу жана транспорттук каражаты тууралуу маалыматты камтыган өкмөт тарабынан бекитилген электрондук документ. 2023-жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товар жүгүрткөн ишкердикдин бардык субъектилери колдонушу керек.

Бирок айрым ишкер бул системаны колдонууда кыйынчылыктарга туш болуп, система жеткиликтүү эместигине даттанышкан. Агроөнөржай комплексинин ассоциациясы бул жаңы эреже азык-түлүктүн баасынын кымбатташына алып келиши мүмкүн деп билдирди. ЭТТК баалардын өсүшүнө алып келгенин депутат Нуржигит Кадырбеков дагы айткан болчу.

Андан тышкары, Бухгалтерлер ассоциациясынан ЭТТК бухгалтерлердин массалык түрдө жумуштан кетишине себеп болгонун айтышкан. Ассоциациянын өкүлү Эля Аралбаеванын айтымында, ЭТТК бухгалтериянын ишин татаалдаштырат жана ири компаниялар аны толтуруу менен алектенүүчү бухгалтер-операторлорду жалдашат.

Январдын аягында Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ЭТТКны киргизүүдөн баш тартып же жок дегенде кийинкиге жылдыруу керектигин айткан.

Февралдын аягында, Салык кызматы 2023-жылы ишкерлерде көйгөйлөр болгон үчүн ЭТТКны колдонбогон ишкерлерге айып пул салынбай турганын билдирген.

Башкы беттеги сүрөт: AKIpress.