Акылбек Жапаров: Зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ала-Тоо 24» телеканалына интервью берди. Ал журналисттерге жүргүзүлүп жаткан салык саясаты тууралуу, ошондой эле товарлардын баасы эмне себептен өсүп жатканын айтып берди.

Жапаров көзөмөл-кассалык машиналардын (ККМ) киргизилишине каршы жакында эле болгон митинг тууралуу да комментарий берди, анда анын оставкасы талап кылынган.

«[Митингге] биздин базарларда иштеген жарандарыбыз чыккан экен. Базарларда былтыр ККМдерди 1-апрелге чейин [колдонбоону] чоюп бергенбиз. […] Керек болсо, аны кийин дагы жылдырууга мүмкүнчүлүктөрдү карайбыз. Бирок бир жылдын ичинде эмне жумуштар жасалганын да барып көрүшүм керек да. Буга чейин базарлардын ээлери, ишкерлер менен сүйлөшкөнбүз. Силер ушул товарыңарды кимден алып жатасыңар, андан башка силерден эч нерсе сурабайбыз деп жатабыз. Бизде чоң-чоң товар алып келген 400гө жакын ири компания бар. Анан ошолор кимге сатып жиберди десең, мурун 1,5-2 млрд сомду патентке берип салдык деп колун жая беришчү. Ошентип 72 млрд сомду компаниялар патентке эле чегерип койчу. Анан салык алынбай калчу. Азыр болсо, электрондук эсеп фактурасы менен виртуалдык кампаны гана көрсөтүп койгула деп жатабыз», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаровдун айтымында, фискалдык саясат туура жүргүзүлүп, ишкерлерди салыкчылар, укук коргоо органдары жана башка бийлиги барлар «калкалабай» калгандыктан бюджетке түшкөн каражаттар көбөйдү.

Минкабдын башчысы баалар эмне себептен өсүп жатканын түшүндүрүш үчүн схема чийип, товардын баасы кантип түзүлөрүн да көрсөтүп берди.

«Транспорттук чыгымдар көбөйдү, анткени бензин өзү кымбаттап жатат, 67%- 80% чейинки товарды чет мамлекеттен алып келип жатабыз. Валютанын баасы өзгөрүлгөндө, ошондо дагы көтөрүлөт, айлык маяналар көбөйсө анда дагы… Эгерде ишкер өзүнүн кирешесине 5-10% эмес, 20% кошуп койсо, мына ошондо көтөрүлөт. Бул салык анын кырктын же болсосо отуздун бири болушу мүмкүн. Салык деле баага чоң таасир бербейт», — деди минкабдын башчысы.

Буга чейин бийлик ишкерлер ККМ колдонсо товар жүгүртүүнүн көмүскө бөлүгү ачыкка чыгат деп билдирген. Жапаровдун айтымында, акыркы 20-30 жылда Кыргызстан мөөнөтү өткөн товарларды алып келип, аларды арзан саткан өлкөгө айланган.

«[Товарларды] түнү менен чек арадан алып өтүп, [алардын] эч кандай сертивикаттары жок. Азыр ошонун баарын орду-ордуна түздөп жатабыз. Эмнеге рак оорусу көбөйүп жатат? Балдардын баары гипертоник болуп жатат, эмнеге сахар көбөйдү? Мунун баары биздин тамак-аштан да. Азыр ошол жерди тартипке келтирели деп жатабыз. Сен сапатсыз товарды кимден алдың, билишибиз керек да. Мүмкүн тамак-ашка ууланып же балдар ооруп калсачы. Тартип болмоюнча экономика да өспөйт да», — деп түшүндүрдү ал.

ККМ, митингдер жана минкабдын ымаласы

Кыргызстанда 2021-жылдын декабрь айынан ишкерлер ККМ орнотууга каршы байма-бай митингдерди өткөрүп келет.

Баары президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрь айындагы жарлыгынан кийин башталган. Жарлыкта бир жылдык товар жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулуп, бирок ККМ аппараттарын колдонууга милдеттендирилген.

Ошондой эле ишкерлер ЭТТК боюнча да нааразычылыктарын билдирип жатышат.

ЭТТК — бул товар жөнүндөгү, жөнөтүүчү, алуучу жана транспорттук каражаты тууралуу маалыматты камтыган өкмөт тарабынан бекитилген электрондук документ. 2023-жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товар жүгүрткөн ишкердикдин бардык субъектилери колдонушу керек.

Бирок айрым ишкер бул системаны колдонууда кыйынчылыктарга туш болуп, система жеткиликтүү эместигине даттанышкан. Агроөнөржай комплексинин ассоциациясы бул жаңы эреже азык-түлүктүн баасынын кымбатташына алып келиши мүмкүн деп билдирди. ЭТТК баалардын өсүшүнө алып келгенин депутат Нуржигит Кадырбеков дагы айткан болчу.

Андан тышкары, Бухгалтерлер ассоциациясынан ЭТТК бухгалтерлердин массалык түрдө жумуштан кетишине себеп болгонун айтышкан. Ассоциациянын өкүлү Эля Аралбаеванын айтымында, ЭТТК бухгалтериянын ишин татаалдаштырат жана ири компаниялар аны толтуруу менен алектенүүчү бухгалтер-операторлорду жалдашат.

Январдын аягында Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ЭТТКны киргизүүдөн баш тартып же жок дегенде кийинкиге жылдыруу керектигин айткан.

Февралдын аягында, Салык кызматы 2023-жылы ишкерлерде көйгөйлөр болгон үчүн ЭТТКны колдонбогон ишкерлерге айып пул салынбай турганын билдирген.