Энергетика министри кышында жарык маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бийлик келерки кышта электр энергиясынын жетишсиздигинен улам маал-маалы менен жарык өчүрүү чарасын киргизбей турганын билдирди. Бул тууралуу министр 21-июлда брифинг учурунда айтты.

Бирок, анын айтымында, энергетиктер кышында былтыркыдай жабдууларды чыңалуудан сактоо жана жеңилдетүү үчүн электр энергиясын бир нече саатка өчүрүп, «жөнгө салуучу иш-чараларды» жүргүзүшөт.

«Бул чектөө эмес — бул жөнгө салуучу иш-чаралар. Бул убакта биз башка жабдууларга өтүп турабыз. Эгер биз [трансформаторлорду] өчүрүп турбасак, жарык эки-үч күнгө өчүрүлүп калат. Бул учурда биз ушинтип гана жабдууларыбызды сактап кала алабыз», — деп белгиледи министр.

Ибраев Энергетика министрлиги эмне үчүн 2026-жылга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизе турууну сунуштап жатканын дагы түшүндүрдү.

Анын айтымында, минкаб энергетиктерге электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун жогорулатып, үч жыл ичинде электр энергиясын сатып алган эмес, экспортко чыгарган өлкөгө айлануу милдетин койгон.

Ал Энергетика министрлиги күн жана шамал станцияларын куруу боюнча 11 инвестор менен макулдашуу меморандумуна кол койгонун билдирди.

«Бизде бир чоң маселе бар — бул жер бөлдүртүп алуу. Ал үчүн Айыл чарба министрлиги менен контракт түзүү керек. Бардык процедуралар узакка созулууда. Биз минкабдан Энергетика министрлигине ыйгарым укук бергиле деп сурандык. Чакан ГЭСтерди, күн станцияларын, шамал электр станцияларын же чоң ГЭСтерди куруу зарылдыгы бар жерлер боюнча Энергетика министрлиги маселени өз алдынча чечиши керек», — деп түшүндүрдү министр.

Буга чейин Ибраев электр энергиясы таңкыс болуп жаткандыктан 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган, анын айтымында, таңкыстык жылдан-жылга өсөт.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын ноябрында өлкө энергетикасындагы каатчылык тереңдеп кеткенин айткан. Калктын электр энергиясын керектөөсү жыл сайын өсүп жатат, ал эми өлкө азырынча бүрөөк энергия өндүрө албайт.

Ошондуктан өлкөдө электр энергиясы таңкыс болуп, мамлекет таңкыстыкты коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо жана жер-жерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр аркылуу абалды кармап турууга аракет кылып жатат.

Бирок быйыл таңкыстыкка байланышкан жагдай курчуп кетиши мүмкүн, себеби өлкөнүн электр энергиясын берген башкы булагы — Токтогул суу сактагычы — сууга толбой жатат.

Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.

Тема боюнча: «Бакиевдердин майнинги». Министрлик «Клооптун» иликтөөсүндөгү маалыматтарды тастыктады