«Коррупция». УКМК экс-министр Кутманованын жакындары менен кесиптештерин кармады

Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы министр Динара Кутманованын жакындары жана кесиптештери кармалды. Бул туралуу 22-июлда УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунда каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз келишим түзүү жана Кутманованын үй-бүлөсү тарабынан акчаны кымырып алуу фактыларын аныктады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери «Кумтөр Голд Компани» экологияны коргоого жылына 3 млн 700 миң доллар бөлөт — 3 жылда каражат 969,5 миллион сомду түзгөн.

Ал эми «Жаратылышты өнүктүрүү» фонду 789,5 миллион сомду экологияны сактоо багытындагы 110 долбоорго бөлүп берген. УКМК анын 22син текшерип, көпчүлүк долбоорду «өз максатына туура келбейт» деп тапты.

Ага ылайык, Жаратылыш ресурстары министрлиги жеке ишкер менен 34 млн сомго 1000 даана атайын кийим сатып алуу боюнча тендерсиз түз келишим түзгөнү аныкталды.

«Мыйзамсыз келишим түзүүгө экс-министр Кутманова колдоо көрсөткөн, ал эми “Хожаев” аттуу жеке ишкер — экс-министрдин уулунун жакын досу. Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, өлкөдөгү базарларда комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт. 23 миллион сомдук айырманы Кутманованын үй-бүлөсү кымырып алган», — дешти атайын кызматтан.

УКМКдан эксперттик комиссиянын үч отуруму тең уюмдун кызыкчылыгын коргоо максатында Кутманованын кысымы астында, төртүнчүсү комиссия мүчөлөрүнүн катышуусусуз өткөрүлгөнү белгиленди.

Аны менен катар, Кутманованын уулу К.К Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана фонддун ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу далилдер алынганы айтылууда. Маалыматка ылайык, ал долбоорлорду каржылоонун 10%ын алып турган.

«Фонддун директорунун көрсөтмөсүнө ылайык, К.К. беш чарбалык субъектиден 17 миллион сомдон ашык компенсация алган. Ошондой эле, экс-министрдин эжесинин көрсөтмөсүнө ылайык, К.К акча кымырууга негиз болуп берген “Жашыл Мурас” коомдук фондунун долбоорунан 7 млн 560 миң сом алган», — дешти УКМКдан.

Ошондой эле министрлик Чүй районуна кичи ГЭС куруу үчүн «Э.К» аталышындагы коомдук фондго 23 миллион сом которгон. Ал эми фонддун директору Кутманованын үй кызматчысы экени аныкталып, экс-министрдин үй-бүлөсү каражаттын 15 миллионун кымырып алганы белгилүү болгон.

Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр камакка алынды:

  1. Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы — С.К.Р;
  2. Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-орун басары — И.Б.М ;
  3. Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү — К.Т.К;
  4. «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунун директору — К.Ж.Т;
  5. «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси — О.у.Э (үй камагында);
  6. Кутманованын жакын тууганы — A.Г.A;
  7. Кутманованын үй-бүлөсү менен жакын мамилеси бар жеке ишкер — Х.Ш.Т;
  8. «Э.К» коомдук фондунун директору, Кутманованын үй кызматчысы — М.А.М.

УКМКдан азыркы тапта «коррупцияга» тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын, жакында Кутманованын катышуусунда тергөө иштери жүрөрүн кошумчалашты.

Ташиевдин эскертүүсү, Кутманованын жообу

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган. Жыйында Ташиев коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөрдөн» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Кийин Кутманова Ташиевдин айткандарын четке каккан. Кутманова өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Ал «Кумтөрдүн» каржатына каржыланган 110 долбоордун натыйжасыз болгондугун да четке каккан. Ал өз жүйөсүн айтып бериш үчүн Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранган.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова Ташиевге жооп берди