Ташиев чиновниктер коррупцияга аралашса «катуу чара» көрүлөрүн эскертти

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү берди. Ал коррупцияга аралашкандарга «өтө катаал» чаралар көрүлөрүн айтты. Мындай билдирүүнү Ташиев 20-июлда минкабдын жыйынында жасады. Жыйында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылып жатат.

Анын айтымында, коррупция менен күрөштүн алкагында быйыл 6 айдын ичинде өлкө бюджетине 6 млрд сомдон ашык акча кайтарылган.

«Мурдагыдай тааныш-тамыр, жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок. Ким мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга аралаша турган болсо, президентибиздин тапшырмасынын негизинде ар бириңиздер жоопко тартыласыздар. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келип иштерден мурда ойлонгула, ар бириңиздер ойлонуңуздар. Эгерде бирөөдөн пара албай, мамлекетке таза иштей албай, кылган ишиңден жеке өзүңдүн байышыңды ойлоп аракет кылып, иштей албасаң, анда иштебей эле койгула. Анда иштебестен, тынч гана барып бизнес менен алектенгиле. Ишкердик менен алектенгиле, бала-чакаңарды баккыла, карагыла, ойногула, күлгүлө. [...] Мындан ары чара өтө каттуу колдонулат. Муну эсиңерден чыгарбагыла. Мамлекеттин бюджетине кол салган чиновник жазаланат. Жазасыз калбайт, же бүгүн жазаланасың же эртең жазаланасың, же башка күнү жазаланасың. Иштеп, иштеп жүрүп иштен чыккан болсоң дагы, артыңдан кууп барып, жазалайбыз», — деп кайрылды Ташиев мамлекеттик кызматкерлерге.

УКМКнын башчысы мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирди. Анын айтымында, бир жылда «Кумтөргө» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова ишке өзүнүн балдарын, сиңдисин жана досторун гана тартканын айтты. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалады.

24-майда УКМКнын башчысы коррупция менен күрөштүн 2,5 жылга созулган биринчи этабы аяктап, экинчиси башталганын жарыялаган. Ташиевдин айтымында, экинчи этабы 1-1,5 жылга созулушу ыктымал.

УКМКнын башчысы мурда коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, жеңил жаза менен кутулуп кетип турган болсо, коррупция менен күрөштүн экинчи этабында алар колундагы бардык мүлкүнөн ажырарын белгилеген. Ошондой эле Ташиев коррупционерлерге мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жаза чектелерин айткан.

Жыл башында коррупциянын деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюму 2022-жылга карата Коррупцияны кабылдоо боюнча жылдык отчётун жарыялаган, анда Кыргызстан 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Уюмдун индексине ылайык, өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегендик.

Уюмдагылар «өлкө акырындык менен авторитаризмди көздөй баратканын» жана «мындан улам тең салмактуулук системасы алсырап, бийлигине чиренгендерге жаза албай кыйнаттыктарды кылууга мүмкүнчүлүктөрдү өтө кеңейтип жатканын» белгилешкен.

Тема боюнча: «Менин убактым өтө аз калды». Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын эскертти