Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова Ташиевге жооп берди

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова УКМНнын башчысы Камчыбек Ташиевдин 20-июлда минкабдын жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгырылган жыйынындагы сөздөрүн четке какты. Ташиев Кутманованы «Кумтөрдө» иштеген учурда тууганчылдык байланыштарды түзгөн деп айыптаган болчу. Кутманова «Азаттыктын» журналисттерине курган маегинде өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Кутманова ошондой эле кендин фондунан каржыланган 110 долбоордун натыйжасыз болгондугун да четке какты. Ал өз жүйөсүн айтып бериш үчүн Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранды.

«Буга чейин министрликти пландуу түрдө текшерип жатышкан. Корко турган эч нерсе жок, мыйзамсыз эч нерсе жасаган эмесмин деп отургам. Бирок бул жерде баары башкача болуп кетти. Бул жерде 110 долбоордун бирөө дагы натыйжасыз дегенге макул эмесмин. Ал долбоордун баары эки-үч жылдык долбоорлор, эми гана башталды. Ал жерде мэрияларга, айыл өкмөттөргө техника алынган. Лаборатория ачканбыз. Чоң-чоң бактарды тиккенбиз, анын баары телевизордон көрсөтүлгөн. Кызын, тууган-уругун аралаштырып алган деген сөздөр дагы жалган. Менин кызым жок, эки уулум бар», — деди Кутманова журанлисттерге.

Ташиевдин эскертүүсү

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган жыйын өткөргөн. Жыйында Ташиев сөз сүйлөп, коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөргө» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

Автору: Медина Шамшидинова.