Төө-Ашуудагы тоннель асфальт төшөө иштерине байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин күнүнө 10 сааттан жабылат. Бул тууралуу 24-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Чектөө транспорттун бардык түрүнө коюлат. Айдоочулар «Сосновка» өткөрүү пунктунда токтотулары айтылды.
Графикке ылайык, жүк ташуучу унааларга чектөө түнкү саат 3:00дөн күндүзгү 16:00гө чейин, ал эми жеңил унааларга саат 6:00дөн 16:00гө чейин болот.
Мындан сырткары Бишкек — Ош жолунун 144 километринен баштап Бишкек шаарына бараткан айдоочулар токтотулат: жүк ташуучу унаалар 5:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унаалар 6:00дөн 16:00гө чейин.
Министрликтен бул аралыкта тоннелдин 2,5 километрине асфальт төшөлөрүн билдиришти.
Башкы беттеги сүрөт: Заирбек Бактыбаев / RFE/RL.
ТЕМА БОЮНЧА:
«Тоннель оңдолот». Төө-Ашууда унаалардын каттамына маал-маалы менен чектөө киргизилет