«Тоннель оңдолот». Төө-Ашууда унаалардын каттамына маал-маалы менен чектөө киргизилет

Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы жол өтмөгүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 12-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен эскертишти.

Маалыматка ылайык, тоннелдин эски асфальтын сыйрып, жаңысын төшөөгө даярдык көрүлөт. Ага ылайык, Төө-Ашуудагы өтмөк 12-июлдан 18-июлга чейин саат 05:00дөн 08:00гө, 10:00дөн 12:00гө жана 14:00дөн 16:00гө чейин жабык болот.

Төө-Ашуудагы жол өтмөгү. Сүрөт: Интернеттен алынды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды алыс жолго чыгарда алдын ала мерчемдеп, эгер зарылдык болбосо түнкүсүн жолго чыкпай турууну эскертти.

Министрликтен буга чейин өтмөктөгү электр чубалгылары толук алмаштырылып, жарык бергичтер орнотулганын кошумчалады. Ошондой эле тоннелдеги актап-сырдоо иштери бүтүп, бетон плиталарын алмаштырылды.

Буга чейин, 12-13-июнда дагы тоннелдеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаалардын каттамына чектөө киргизилген. 

Кусеин Көлбаев атындагы тоннель 1962-жылы курулган. Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы узундугу 2200 километрди түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: 43 млн сомго курулган өтмөк 2,5 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтөт

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды