Айрым кыргыз банктары «Юнистрим» акча которуу системасы менен иштешүүсүн убактылуу токтотту

Кыргызстанда бери эле дегенде жети банк 21-июлдан тартып АКШнын Финансы министрлигинин санкциясына илинген Орусиянын «Юнистрим» акча которуу системасы менен иштешүүнү убактылу токтотту. Бул тууралуу банктар расмий сайттарында билдиришти.

«Компаньон» банкынан «санкциялык чектөөлөргө байланыштуу “Юнистрим” системасында доллар менен кирүүчү жана чыгуучу которуулар иштебейт» деп маалымдашты.

«Халык банк» «Юнистрим» ички техникалык иштерден улам убактылуу иштебей жатат деп билдиришти.

Ал эми «РСК банк» Орусиянын акча которуу системасы менен кызматташтык эмне себептен убактылуу токтотулганын түшүндүргөн жок, бирок ишкана «Юнистрим» аркылуу АКШ долларын которууларга убактылуу чектөө коюлганын айтышты. «Азия Банкы» да ушундай эле чечим кабыл алган.

Finca банк дагы «Юнистрим» аркылуу доллар жана евро менен акча которуу жана берүүлөр убактылуу токтотулганын билдирип, орус рубли чектөөгө алынбаганын белгиледи.

«Капитал банк» дагы аталган акча которуулар системасында тейлөө ишин токтоткон.

Аталган банктардан тышкары, KICB банкы дагы «Юнистрим» акча которуу системасы менен иштешүү убактылуу чектелгенин билдирди.

Өз кезегинде «Юнистрим» бүткүл дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрү менен кызматташтыгын улантарын билдирип, өзүнө карата салынган санциялык чектөөнүн «ыктымал терс кесепеттерин жеңилдетүү үчүн» тийиштүү чараларды көрөрүн белгиледи.

«Банк инфраструктуралык чечимдерди иштеп чыкты, ал өнөктөштөр менен кадимки тартипте ишти улантууга жол берет. Бул чечим кыска убактын аралыгында ишке ашырылат», — деп айтылат банктын 20-июлдагы билдирүүсүндө.

Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги (OFAC) 95 юридикалык жакка санкция салынганын билдирген. Алардын арасында Орусиянын «Юнистрим» банкы жана Орусияга санкциялык товарларды ташыган төрт кыргыз компаниясы бар.

«Новая Газета Европа» басылмасы коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, ошондой эле Армения менен Грузиядагы айрым банктар да «Юнистрим» менен ишин убактылуу токтотушканын жазды.

«Юнистрим» Орусиядагы эң ири акча которуу системаларыны бири, ал 2006-жылы банк болуп түзүлгөн. Банк 63 өлкөдөгү 150 000 түйүнүндө кардарларга кызмат көрсөтөт.

Банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2020-жылы кардарлар Армения, Өзбекстан, Молдова, Тажикстан, Кыргызстан, Филиппин жана башка көптөгөн өлкөлөргө жалпы суммасы 137 млрд рублди түзгөн 6,7 миллион жолудан ашык акча которушкан. Акыркы үч жылда «Юнистрим» аркылуу 10 миллиондон ашык кардар үй-бүлөсүнө акча салган.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан. Анткен менен Орусия чектөөгө илинбеген өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.

Автору: Медина Шамшидинова

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстан соода боюнча статистикасында санкциялык товарларды кантип жашырып жатат?