Адвокат зордуктоого аракет кылууга шектүү менен жабырлануучу жазышкан катты жарыялады. Анын эмнеси туура эмес? 

13-июлда Бишкек шаардык соту зордуктоо аракетине шектелген жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкерин үй камагына чыгарды. Ошол эле күнү кечинде анын адвокаты Замир Жоошев кардарынын жабырлануучу менен болгон кат жазышуусунун скриншоту менен пост чыгарган, анда шектүү «эч нерсе кылган» эмес деп билдирген. 

«Клооп» медиа адис Бегайым Замирбек менен чогу Жоошевдин постунун эмнеси туура эмес экенин айтып берет. 

Эмне болгон?

22-июнь күнү Бишкекте милиция зордуктоого аракет кылган деген шек менен жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы биоресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысын кармаган. Жабырлануучу кыз милицияга окуя 14-15-июнга караган түнү Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтогон унаада болгонун айтып берген.  

Шектүү кармалган күнү ЖМКда видео байкоо камерасына тартылган видео тараган. Видеодо жол тандабастын ичиндеги эркек кызды уруп, аны менен кармашып жатканы көрүнүп турат. Кийин кыз унаадан кулап түшүп, кол салып жаткан кишини буту менен өзүнөн ары түрткөнү аракет кылат. Ал эми эркек киши кыздын колун кайрып, жерден сүйрөйт. Эркек кишинин шымы бир нече жолу шыпырылып жатып — акыры араң дегенде шымын тартып, топчулайт. Ошол маалда кыз андан жөрмөлөп качууга аракет кылат, бирок эркек аны баса калып, бир жерде кармап турат. 

Кыз чөгөлөп, жерге жаткан кезде эркек киши унаага жакындап, андан бир нерселерди алып чыгып жерге койгондон кийин, телефонун алып чыгып жарыгын күйгүзөт. Ошону менен эки мүнөткө жетпеген видео үзүлүп калат. 

Жабырлануучунун арызы боюнча Свердлов райондук милициясы «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. 

Бирок 13-июлда эле  Бишкек шаардык соту «иштин чыныгы жагдайларын жана айыпталуучунун өздүгүн эске алуу» деген жүйө менен эркек кишини үй камагына чыгарган.  

Жоошев эмнелерди жазган?

Шектүүнүн адвокаты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу катары таанылган Замир Жоошев 13-июль күнү кечинде иштин «чоо-жайы» камтылган постун жарыялаган, анда шаардык сот анын кардарын «мыйзамдуу жана негиздүү» үй камагына чыгарганын белгилеген.    

Ал чыгарган постто иштин фигуранттарынын окуя болгон күнү жазышкан кат алышуунун скриншоту да тиркелген — анда алар жолугушууну макулдашышкан. Ошол эле кезде скриншотто кыздын аты жашырылган эмес. Жоошев фейсбук колдонуучуларынын катуу сынынан кийин скриншотторду өчүрүп, кайра кыздын аты жашырылган вариантын жүктөгөн. 

Жоошевдин постунун өзгөрүү тарыхы

Адвокаттын версиясы боюнча, кардары кыз менен бир жылдан ашык тааныш болуп, ал менен мамиледе болушкан, кыздын туугандары менен да таанышып, кызга «үйлөнүүнү пландап» жүргөн. Жактоочу ошол күнү автоунаада кыз өз эрки менен болгонун, бут кийимин чечип арткы орундукка отурганын, ал эми эркек киши жанына барганын жазган. Ошондон кийин алардын ортосунда «кандайдыр бир себептерден улам» чыр чыгып кеткен.

«[Шектүү] Бека кызга үйүнө жеткирип коюну сунуштаган. Бирок кыз аны укпай, бир маалда жигитти чапкылай баштаган, жыйынтыгында ал кызды унаадан чыгарып салып, кыздын унаадагы буюмдарын берген жана ал кыз үйүнө чейин өзү жөө кеткен. Жигит кыз үйүнө киргенине ынангандан кийин гана үйүнө кеткен», — деп жазган адвокат. 

Жоошев 15-июнда жабырлануучу анын кардарына карата арыз бергенден кийин, ал милиция бөлүмүнө «өз алдынча» келип көрсөтмө бергенин да кошумчалаган. Ошол эле маалда, анын пикиринде, РИИБдин кызматкерлери «күнөөсүздүк презумпциясынын принцибин бузуп, ал жигитке каршы коомдук пикирди жаратуу үчүн» видеобайкоодо тартылып алынган видеону журналисттерге берип салышкан.

«[Видеодо кыз] унаадан түшкөндөн кийин жерге жатып, ошондой эле жаткан бойдон чачын түздөп, колун жигит жакка шилтеп бир нерсе деп жатат. Башкача айтканда кыз ага коркунуч туудурду деген жигиттен эч кайда качып кеткен жок», — деп жазган жактоочу. 

Анын айтымында, анда айыпталуучунун пайдасына «салмактуу далилдер камтылган» эки видео файл бар жана алар Свердлов РИИБнин тергөөчүсү Рустам Кубанычбековго да берилген. Юрист Кубанычбеков ага карабастан «арыз берүүчүнүн айткан сөзү менен жигиттин шымынын топчусу бүчөлөнбөй калганындан бөлөк нерсени көңүлүнө албай жатат» деп жазган.  

Ошондой эле Жоошев жабырлануучу кыздын адвокаты менен жазышып жатканда кыз «башын жерге койгулаганда» өзүн-өзү жаракат кылып алышы мүмкүн деп болжолдоп, «видео далилдерди» жарыялоо менен коркуткан.

Жоошевдин жабырлануучу алган жаракат боюнча жактоочусу жазган комментарийге берген жообу

Буга кошумча Жоошев шектүүнү ТИЗОго каматуу үчүн видеону чыгарган милиция кызматкерлерине карата УКМКга өз арызын даярдап жатканын да билдирген. Юрист тергөөчү Кубанычбековду анын «шалаакылыгынын айнынан» окуя тартылган видеожазуунун толук версиясы өчүп кеткенине жана зордуктоо аракети боюнча жабырлануучу менен шектүүнү беттештирбегенине айыптаган.      

Жабырлануучу кыз эмне дейт?

Жабырлануучу MediaHub’дын журналисттерине берген интервьюсунда шектүү менен бир жылдан бери тааныштыгын жана акыркы убакта аны менен мамиледе болгонун тастыктады, бирок ал алдыда үйлөнүү той тууралуу айтканында «макулдугун бербегенин» билдирди.  

Анда кыз 14-июнда болгон окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

«Биз [шектүүнүн унаасында] кучакташып, өбүшүп отурганбыз. Анан ал мени тизесине жаткырды, жатканда кичине көзүм илинип кетиптир. Ошол учурда анын [жыныс] органын эриндеримде сездим, албетте бул мага жаккан жок. Ал муну бир нече жолу жасаганга аракет кылды. Менин жиним келип баштап: “Эмнеге мындай кылып жатасын?” — деген суроолорду берип жаттым», — деп жабырлануучу журналисттерге айтып берди. 

Кыздын айтымында, ал ыйлай баштаганда эркек киши аны сооротууга аракет кылып, ура баштаган жана унаанын эшигине башын катуу бир койгон. 

«Ал мени туш келген жерге сого баштаган, мен коргондум. Башаламан болуп кетти, анткени ал жаалданып, колу келген жакка [соккон], мен коргонуп жаттым. Менин эсимде бир гана “Тынчтан деп жатам. Тынчтан!» — деп айтканы калды. Ошентип уруп жатты. Башкача айтканда, мени тынчтандырууга аракет кылды», — деп айтты кыз. 

Арыз жазган кыздын айтымында, ал шектүүнүн адвокаты айткандай эркек кишини урган эмес, болгону качып кетүүгө аракет кылган. Унаадан кулап түшкөндө, шектүү анын «колун кайрып, жерге сүйрөгөн». Кийин ал унаадан кыздын оокаттарын алып чыгып, «өзүн коргош үчүн» телефонго тарта баштаган. 

Кыз өтүп бара жаткан адамдардын бири да жардам бербегенин айтып, алган жарактарын журналистке баяндап берди: «баштан катуу жарат алып, буту-колдору көк ала болуп, сыйрылган, мурун сөөгү ичинен, жылышсыз сынды». 

Кыз шектүү ТИЗОдо болгон учурда да өзүн коопсуз сезбегенин, эми ал эркек киши үй камагына коё берилгенден кийин андан да кооптуу болуп калганын журналисттерге айтып берди.  

«Туугандары, достору жана каалагандар үйгө келип кетишти. [...] Биз менен жолугуп элдешүүнү каалашты, керек болсо “Кандай шарт коесуңар? Эмнени каалайсыңар?”», — деп жабырлануучу билдирип, шектүүнүн тааныштарынын бири ага «анын чоң тааныштары бар экенин жана баары бир пробация менен камактан чыгаарын», ал эми кыз аягында «өзү гана уят боло турганын» айтканын кошту. 

MediaHub’дын журналисттери өз видеосунда шектүүн фейсбук барагын көрсөткөн, анда жумушу делген жеринде жаратылыш ресурстары министрлиги менен ИИМ белгиленип, милициянын формасында сүрөттөрү көрсөтүлгөн. Ошондой эле журналисттер шектүү детективдик агенттиктин негиздөөчүсү  болгонун аныкташкан. 

«Кол салуунун курмандыгын дискредитациялоо»

Жабырлануучунун адвокаты Бексултан Осмонов MediaHub’дын журналисттерине кыздын өздүк маалыматтарын соттун чечими чыкканча эле жарыялаган Жоошевдин аракети этикага жатпайт деп билдирди. 

«Иш бүтө электе эле ошонун баарын чыгарышты. Муну мен өзүмдүн [Жоошевдин фейсбугунда берген] жообумда да көрсөттүм. Бул этикага эч кандай туура келбейт деп. [Кыздын] кайсы жакта иштей турганын жарыялап салды, биринчи киргизгенден кийин аты-жөнүн өчүрбөй койду, андан кийин ысымын өчүрүп койду. Анан мындай аттуу адамдар толтура деди» , — деп айтып берди Осмонов. 

Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) аймактык программалык менеджери Бегайым Замирбек Жоошевдин постун «кардары жасаган зордуктоо аракетин актоо максатында жабырлануучуну каралоо боюнча маалыматтык кампания» деп атады.  

«Бул билдирүү биздин коомдогу зордук-зомбулуктан жабыркагандарды дискредитациялоо үчүн классикалык манипуляцияга толгон», — деп эсептейт ал. 

Замирбек Жоошев «үйлөнүү же үйлөнүү планы — бул кыздар үчүн коопсуздуктун кепилдиги болуп бере тургандай» кардарын арыз берген кызга үйлөнүүгө ниеттенген деп коргоого аракет кылып жатат деп түшүндүрдү.  

«Ал кызга үйлөнгөнү жаткам, демек ага зыян алып келбейт болчумун деген риториканын баары — куру сөз. Мисалы, “Азаттыктагы” популярдуу макала бир аял жолдошу тарабынан зордукталганын далилдөөгө аракет кылганда, милиция жөн гана мыскыл күлүп койгону жөнүндө айтып берет. Анткени өлкөдөгү милициянын түшүнүгүндө күйөөсү тараптан зордуктоо мүмкүн эмес», — деп айтат медиаэксперт.   

Ошол эле маалда ал үй-бүлөлүк зомбулук кылгандардын 95%ын эркектер түзгөн Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы маалыматына шилтеме берди

 

 
Ошондой эле Бегайым Замирбек «Клооптун» фемицид жөнүндөгү иликтөөсүн белгиледи. Анда Кыргызстанда аялдардын көпчүлүгүн алардын жакын эркек кишилери: жолдоштору, өнөктөштөрү, достору жана туугандары өлтүргөнү көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, медиаэксперт Жоошевдин кыз унаадан кулап түшкөндөн кийин «качканга аракет кылбай» жерге жатып алды деген сөзүнө да комментарий берди. Ал адамдын коркунучка болгон реакциясынын төрт түрүн: «ур, кач, катып кал же жеңилип бер» дегендерди эске салды.

«Катып кал жана жеңилип бер — денебиздин коркууга эң популярдуу реакциясы болуп саналат. Анткени кээде кыйкырып же качканга караганда катып калуу коопсуздуураак болот. [Жоошевдин] эң негизги манипуляциясы — ал шектүүнүн шымынын топчусу бүчөлөнбөй гана калган деп айтып, видеодо көрүнгөндөй шымы шыпырылып түшкөнүн, жигит кызды сабап жатканын айтпагандыгы», — деп эсептейт медиаэксперт.

Бегайым Замирбектин пикиринде, Жоошев өз кардарын коргойм деп виктимблеймингге — зомбулук үчүн жабырлануучуну күнөөлөөгө барып жатат.

«Бул адвокат текстте түз болбосо да, жалпы айткан сөзү менен кыз жигит менен тааныш болгонун, алар сүйлөшүп жүрүшкөнүн кыйытып жатат. “Кыз кандай иш жасап жатканын билген. Ал жигит менен тааныш болчу. Кыз уунада ал жигит менен жалгыз болчу, демек кыз күнөөлүү”, — деп. Адвокат зордук-зомбулукта бир гана зомбулук көрсөткөн адам күнөөлүү болорун унутуп жатат. Болду, ушул жерден сөз бүтөт», — деп айтты ал.

Замирбек Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча отчётундагы маалыматтарга таянып, республикада турмушка чыккан аялдардын 28%ы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын эске салды.

«Кыргызстанда никеге турган аялдардын дээрлик 30%ы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан, анткени эркектер аялына кол көтөрүүгө жана зордуктоого укуктуубуз деп эсептешет. Мына бул жерде адвокат Жоошевдин кардары кыз менен тааныш болгону үчүн кыздын денесине тийүүгө укуктуу деп эсептегендей эле. Жок, жыныстык катнашка макулдук мындай болбойт. Бул өлкөнүн президенти оппозициялык саясатчыларды ага каршы болгону үчүн камаганга укуктуу деген ой менен барабар», — деп сөзүн жыйынтыктады Бегайым Замирбек.