Бишкек: Зордуктоого аракет кылууга шектелген мурдагы мамкызматкер үй камагына чыгарылды

Бишкекте унаасында кызды зордуктоого аракет кылууга шектелип кармалган мурдагы мамкызматкер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-июлда шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 13-июлда «иштин чыныгы жагдайларын жана айыпталуучунун өздүгүн эске алуу» менен чыгарган.

Шектүүнүн жактоочусу Замир Жоошев «айыпталуучунун пайдасына күчтүү далилдер камтылган эки видеоматериал бар жана алар Свердлов РИИБдин тергөөчүсү Рустам Кубанычбековго өткөрүлүп берилди» деп билдирди.

23-июнда унаасында кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип 30 жаштагы эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле окуянын байкоочу камерага жазылып калган видеосу тараган

Тасмада жолдун четинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда аял эркек кишиге каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагынган.

Свердлов райондук милициясы «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөөнү баштаган.  

Кийинчерээк шектүү Жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Бекбатыр Бузурманов экени белгилүү болгон. Анда министрликтен Бузурманов үстүбүздөгү жылдын апрелинде кызматтан кеткенин белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Унаада кызды зордуктоого аракет кылган киши мурдагы мамкызматкер экени айтылды