Энергетика министри Таалайбек Ибраев Финансы министрлиги энергетика тармагынын карызын төлөп берүү милдетин мойнуна алганын билдирди. Карыздын көлөмү кеминде 137 млрд сомду түзөт.
Анын айтымында, учурда энергосектордун 1 млрд сом өлчөмүндө карызы калды.
«Учурда чоң карыз жок. Карыздын баарын мамлекет өз мойнуна алып, өзү жапмай болду. Бул энергетика тармагын тазалоо максатында жасалды. Мисалы, сиз энергетика тармагына инвестиция салам десеңиз, ошол мамлекетти, кийин ошол өлкөнүн энергетика тармагын изилдейсиз. Бул сектордогу чоң карызды көрсөңүз: “Мынча карыз менен мен чыгарган электр энергиясын сатып ала алабы” деп чочулайсыз. Инвестициялык жактан кызыктыруу үчүн ушундай кадамга бардык», — деп айтып берди Ибраев «Азаттык» басылмасына.
Энергетика тармагынын карызын төлөө милдетин Финансы министрлиги аларын былтыр март айында, ошол кездеги энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирген. Ал мындай чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алганын айткан.
2022-жылдын январында Финансы министрлиги энергокомпаниялардын насыясын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, карызды энергокомпаниялардын уставдык капиталына конвертациялоо жолуу менен төлөп берүүнү сунуштаган. Мекемеден бул энергокомпаниялардын абалынын жакшырышына алып келерин, бул өз кезегинде алардын кирешесин көбөйтө турганын белгилешкен.
Энергетика — өлкөдөгү эң көп кредитке баткан тармактардын бири. Көз карандысыздык алган дээрлик 30 жылда, 1990-жылдын орто ченинен тарып, 2021-жылдын аягына чейин Кыргызстан 11,5 млрд доллар тышкы жардам алган, анын 2,2 млрд доллары энергетика тармагына жумшалган.