УКМК: Коррупцияда айыпталгандар камактан бошотулса да жоопкерчиликке тартылат

УКМК «коррупциялык жана башка кылмыштар боюнча айыпталып жаткан адамдарды камактан бошотуулары боюнча соцтармак колдонуучуларынын эки ача реакциясы» боюнча комментарий берди.

Атайын кызматтан Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын милдеттерине ылайык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктары кылмыштардан корголуп, күнөөлүү адамдардын бети ачылып, жоопкерчиликке тартыларын, ошондой эле материалдык зыяндын ордун толтуруу камсыз кылынаарын эске салышты. 

«Ушуга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш иштерин тергөөдө кылмыш жасоонун себептерин жана шарттарын, зыяндуу кесепеттерин жоюуга, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен иш боюнча чындыкты аныктоого өзгөчө көңүл бурулат»,  — деп билдирди УКМКдан.

Ал үчүн жасалган кылмыштардын оордугуна жараша, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандайт. Бирок айыпталуучу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп, тергөө менен кызматташып, кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшүүчү көрсөтмөлөрдү берсе, ошондой эле айыпталуучу ооруп аткан болсо, тергөө органдары айрым учурларда сотко баш коргоо чарасын үй камагына же кетпөө жөнүндө тил катка өзгөртүү зарылчылыгы жөнүндө өтүнүч беришет.

Атайын кызматтан УКМК тарабынан «коррупцияга каршы күрөшүү иши улантылып, ага тиешеси бар адамдар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылаарын» белгилешти.

Садыр Жапаров өлкө башчылыгына келгенден кийин коррупция менен күрөшүүнүн ыкмасы катары «кустуруу» жарыялаган. Коррупцияга каршы күрөштү жана чиновниктерди кармоо ишин Жапаровдун жакын досу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алып барууда.

УКМКнын башчысы ведомство коррупция менен жигердүү күрөшөрүн далай жолу айткан. Бирок чуулуу кармоолор көбүнесе коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК аныктап берген зыяндын өлчөмүн төлөгөн соң үй камагы менен аяктачу. Эң эле чуулуу кармоолордун бири — Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун кармалуусу.

Алгоритмге ылайык, өндүрүлгөн каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине, андан соң Каржы министрлигинин эсебине, ал жерден кайра чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт.

24-майда Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн 2,5 жылга созулган биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталганын жарыялаган. Анын айтымында, экинчи этап 1-1,5 жылга созулушу керек.

УКМК башчысы эгерде мурда коррупционерлер бир нече жолу зыяндын ордун толтуруп, жеңилирээк жаза алышса, коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабында алар бардык мүлкүнөн ажыратыларын белгиледи. Ошондой эле Ташиев маалымдагандай, коррупционерлер үчүн мыйзамда каралган максималдуу жаза изделет.

Апрелдин ортосунда президент коррупция иштери боюнча 2,5 жылда 10 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөнүн билдирген. Ал эми Ташиевдин айтымында, 2023-жылдын алты айында УКМК коррупция иштери боюнча 6 миллиард сомдон ашык өндүргөн.