Ички иштер министри Ниязбеков Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолугушту

Ички Иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Алтын кум» пансионатынын пляжында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунун жакындары менен жолукту. Бул тууралуу 10-августта министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга каза болгон жигиттин жакындары, Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл ОИИБнин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов жана күбөлөр катышкандыгы айтылат.

ИИМдин башчысы маркумдун жакындарына бул факт ар тараптуу каралып, Ысык-Көл ОИИБнин максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө- ыкчам криминалисттик кызматтардын «эң тажрыйбалуу» кызматкерлери киргендиги жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат бергени кабарланат.

Маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМдин жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдиришти деп айтылат маалыматта.

Окуя кандай болгон?

Милициянын маалыматына караганда, окуя 6-августка караган түнү катталган. Талас облусунун 23 жашагы тургуну каза болгону тууралуу билдирүү милицияга таңкы саат 05:10 чамасында түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери күбөлөрдү суракка алып, маркум жубайы жана классташтары менен 5-августта Бостериге эс алууга келгенин аныкташкан.

Күбөлөрдүн бири маркум көл жээгиндеги барда эс алып жатканда белгисиз бирөөлөр менен чатакташа кеткенин айтып берген. Кийин ал ошол эле бардын жанынан эс-учун жоготкон абалда табылган — биринчи жардам көрсөтүү эч кандай натыйжа берген эмес.

«Алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат», — дешкен милициядан.

Кийин, бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын президенттин администрациясынан билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бостери: «Алтын кум» пансионатында 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Териштирүү башталды

Нарындан «Алтын балалык» борборуна эс алууга жөнөтүлгөн 14 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду