Нарындан «Алтын балалык» борборуна эс алууга жөнөтүлгөн 14 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болду

Нарындын Миң-Куш айылынан Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлгөн 14 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду. Маалыматты «Клоопко» 9-августта Ысык-Көл облустук милициясынан тастыкташты.

Окуя 5-августта болгон. «Алтын балалык» борборунда эки кыз көлгө чөгүп кеткени тууралуу милицияга тез жардам кызматынан кабарлашкан.

Жерине барган милиция кызматкерлери сууга чөккөн 14 жаштагы кыздар Нарындан келгенин аныкташкан. Алардын бири жеринде каза болсо, экинчисин дарыгерлер сактап калган — учурда ал райондук ооруканада.

Жумгал районун акими Адыбек Набиев «Клоопко» Миң-Куш айылынан 238 окуучу 4-августта «Алтын балалык» борборуна 10 күнгө эс алууга  жөнөтүлгөнүн тастыктады. Анын айтымында, окуучуларды тогуз адам коштоп кеткен.

Набиев каза болгон кыздын сөөгү Миң-Куш айылына алып келинип, жерге берилгенин кошумчалады. Ал «Клооптун» «окуучуларды коштоп баргандарга жаза колдонулабы» деген суроосуна жооп берген жок.

Кыздын жакындары жана «Алтын балалыктын» жетекчилиги эмне дейт?

Каза болгон кыздын эжеси Жазгул Калканбекова «Азаттыкка» маек куруп, окуучуларды коштоп барган жооптуу кишилер «биринчи эле күнү майрамдап алып, балдарды карабай коюшканын» айтып нааразы болду

«Ошол күнү эки кыз сууга түшүп, чөгүп кетет. Бирөөнү куткарып, сиңдимди куткара албай калышкан. Алар ачык эле жерде сууга түшкөн. Сиңдим чөгүп баратып, жардам сурап кыйкырган экен. Бирок эч ким жардамга келген эмес. Окуучулар менен барган 10-класстагы иним барып, аны суудан алып чыгат. Ошондо да биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес экен», — деди ал.

Ал эми «Алтын балалык» борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Калканбекованын айыптоолорун четке какты. Ал окуя болгон күнү сууга төрт кыз чөгүп, үчөөнү куткарып калышканын айтты.

«Ал күнү борбордо иш-чара өтүп жаткан. Көлдө толкун болуп жатканынан, сууга түшүүгө тыюу салганбыз. Ошол учурда баарыбыз, мен дагы, орун басарым, куткаруучулар, милиция ошол жерде болчу. Вожатыйлардын мас экенин көргөн, билген да жокмун. Биз кыздарды куткаруу менен алек болуп жүрдүк. [...] Туугандарына кыздын чөккөн жерин көрсөттүк. Алар доосу жок экенин айтышты», — деп билдирди ал «Сереп Медиага» курган маегинде.

Буга чейин Баткен облусунан дагы 293 бала «Алтын балалык» борборуна эс алууга жөнөтүлгөн. Алар чек ара жаңжалында каза болгондордун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган жана мектепте жакшы окуган өспүрүмдөр экени айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, быйыл алты айдын ичинде 60тан ашык өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан. Өткөн жылы сууга чөгүп каза болгондордун саны 85 адамды түзгөн. Кырсыктардын эң көбү жай мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Акыркы алты айда 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты

Баткен: 300гө чукул бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү