Бостери: «Алтын кум» пансионатында 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Териштирүү башталды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында 23 жаштагы жигиттин каза болгону боюнча окуяны милиция териштирип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» 7-августта облустук милициядан кабарлашты.

Ал эми Президенттик администарциядан бул иш Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилешти.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 6-августка караган түнү катталган. Талас облусунун 23 жашагы тургуну каза болгону тууралуу билдирүү милицияга таңкы саат 05:10 чамасында түшкөн.   

Жерине барган милиция кызматерлери күбөлөрдү суракка алып, маркум жубайы жана классташтары менен 5-августта Бостериге эс алууга келгенин аныкташкан. 

Күбөлөрдүн бири маркум көл жээгиндеги барда эс алып жатканда белгисиз бирөөлөр менен чатакташа кеткенин айтып берген. Кийин ал ошол эле бардын жанынан эс-учун жоготкон абалда табылган — биринчи жардам көрсөтүү эч кандай натыйжа берген эмес.

«Алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат», — дешти милициядан.

Ысык-Көл ОИИБнен «массалык мушташ» болгону тууралуу соцтармакка тараган видеолордун Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө «эч кандай тиешеси жок» экенин кошумчалашты.

Ал арада каза болгон жигиттин жакындары жана достору коомчулукка кайрылуу жасап, милициядан адилет териштирүүнү талап кылышууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от @suerov.1

«Туура эмес болуп калды, “бул жерде мушташ болгон жок, эпилепсия болду” деп кайдагы болбогон нерсени жаздырып коюшуптур. [...] Эми экспертиза адилеттүү тергелишин талап кылабыз. Анын артында жубайы жесир, кызы жетим калды», — деди маркумдун досторунун бири.

Ал эми маркумдун агасы инисин «балдар сабап кеткенин» айтып, окуяны видеого таратып алгандар болсо, байланышып коюуну өтүндү.