Жалал-Абадда 24 жаштагы аялды сабаган эркек киши изделип жатат

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад шаарында 24 жаштагы аялды сабаган 31 жаштагы эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу 10-августта Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлдан 29-июлга караган түнү саат 23:30да Жалал-Абад шаарынын Азимова көчөсүнүн 24 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. 

Анда ал көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эркек киши аны уруп, тээп, муунтуу менен денесине жараат келтиргенин айткан. Ошондой эле Redmi 9А үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана MBank электрондук картасынан 52 миң 900 сом акча каражатын тартып алганын айтып даттанган. 

Аял алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын «хирургия» бөлүмүнө жаткырылган. 

Бул факт Жалал-Абад ШИИБдин электрондук журналына катталып, «Тоноо» беренесиинин негизинде иш козголду. 

Териштирүүдө аялдын денесине жараат келтирген жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда шектүүнүн жашаган жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон. Көрсөткүчтөргө ылайык, бул сандар 2021-жылга караганда 4290 ишке азайган.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Ошол эле учурда укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон