Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон

2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январдагы маалымат жыйынында билдирди.

Зулушевдин айтымында, бул көрсөткүч 2021-жылга караганда 4290 ишке азайган. Алардын ичинен 2079 кылмыш иши сотко өтүп, 1937 иш соттук өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми 1305 иш токтотулса, 478 иш бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда 781 иш тергелип жатат.

«Аталган маселенин актуалдуулугун эске алуу менен Прокуратура органдары балдарга жана аялдарга карата, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыш иштердин тергөөсүнө жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдү мындан ары да күчөтүп, тийиштүү чараларды көрөт деп ишенимдүү айта алам», — деп билдирди Зулушев.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

2022-жылы алгачкы он айдын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. Жалпысынан аталган аралыкта 8440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Ошол эле учурда укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Алтынай Ботоярова эмне үчүн зомбулукту чагылдырган көйнөгү үчүн кечирим суроого аргасыз болду?

ИИМ: Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапты