ӨКМ: Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Шашылыш билдирүүнү 11-августта ӨКМ фейсбук барагында жарыялады.

Анда, 12-14-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүшү мүмкүн экендиги айтылат.

«Селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, 7-август күнү Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Талды-Суу, Көөчү, Корумду айылдарында сел жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен аймактагы 92 турак жайдын короосун, жертөлөсүн суу каптады — анын 40тан ашыгы Корумду, 28и Талды-Суу жана 24ү Көчү айылындагы үйлөр. Ошондой эле чарбалык жолдор жана айдоо аянттары да суу алдында калган.

ӨКМдин сел жүргөн аймактар боюнча 10-августта берген маалыматында, сел кесепеттери жоюлуп, куткаруучулар туруктуу орундарына кайтышканы айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түп районунун бир нече айылында сел жүрүп, турак жай жана жолдордуу суу каптады

ӨКМ: Айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт