Түп районунун бир нече айылында сел жүрүп, турак жай жана жолдордуу суу каптады

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Талды-Суу, Көөчү, Корумду айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү саат 16:00 чамасында ӨКМге Каркыра айыл аймагында жамгыр катуу жаап өтүп, бир нече айылды кокту-колоттон келген кыян каптаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен аймактагы 92 турак жайдын короосун, жертөлөсүн суу каптады — анын 40тан ашыгы Корумду, 28и Талды-Суу жана 24ү Көчү айылындагы үйлөр. Ошондой эле чарбалык жолдор жана айдоо аянттары да суу алдында калды.

Учурда ӨКМдин 100дөн ашык куткаруучусу жеринде кырсыктын кесепетин жоюу иштерин жүргүзүп жатат. Тазалоо иштерине бирден экскаватор жана жүктөгүч, үч жүк ташуучу унаа жана башка техникалар тартылды.

«Куткаруучулар беш топко бөлүнүп үймө-үй кыдырып, чалгындоо иштерин жүргүзүп, турак үйлөрдүн короо-жайларын тазалашууда. Каркыра айыл аймагынан 40, райондук милициядан 20, райондук администрациядан беш адам кошумча жардамга чыкты», — дешти министрликтен.

ӨКМден учурда келтирилген чыгымдын өлчөмү такталып жатканын белгилеп, жөнгө салуу иштери тууралуу кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин ӨКМ айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлүп жатканын эскерткен

Каркыра айыл аймагында 2-августта дагы кыян жүрүп, Кең-Суу жана Байзак айылдарын сел каптаган. Жеринде ӨКМдин 130 куткаруучусу кырсыктын кесепетин жоюу иштерин жүргүзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: 

ӨКМ: Айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Базар-Коргон районунда катуу жаандан улам сел жүрдү, жабыркагандар жок