ӨКМ: Айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Сел жүргөн аймакты тазалоо иштери: ӨКМдин архивдик сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлүп жатканын эскертти. Шашалышы билдирүү 7-июлда ӨКМдин сайтына жарыяланды.

Анда 7-8-август күндөрү көпчүлүк жерде өткүн өтүп, айрым аймактарда жаан-чачын катуу болушу күтүлүп жатканы айтылат. Ошондой де кээ бир жерлерде катуу шамал болушу ыктымал.

«Коопсуздук чараларын сактап, жергиликтүү калктын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын күчү менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, 2-августта Ысык-Көлдүн Каркыра айыл аймагында кыян жүрүп, Кең-Суу жана Байзак айылдарын сел каптаган. ӨКМден жеринде 130 куткаруучу кырсыктын кесепетин жоюу иштерин жүргүзүп жатканын белгилешкен.

Үстүбуздөгү жылдын май, июнь айында да Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүп, айрым райондорго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргон районунда катуу жаандан улам сел жүрдү, жабыркагандар жок