Ошто «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов адам бычактоого шектелип кармалды

Ош шаарындагы бассейндердин биринде тургунду бычактоого шектелген «Коён» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Майрамбек Низамов кармалды. Бул тууралуу 11-августта Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү болжол менен саат 21:30да Ош шаардык ооруканасына 22 жаштагы тургун денесинен жаракат алып кайрылган. 

Жабырлануучу көрсөтмөсүндө шаардагы бассейндердин биринде эс алып жатканда белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкенин жана ал жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Ош ШИИБи тарабынан кылмышка шектүү кишинин өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. 

Кийинчерээк Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн 28 жаштагы Майрамбек Низамов кармалган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогону жана кылмыш чөйрөсүндө «Коён» деген каймана ат менен белгилүү экени аныкталды.

Шектүүнүн кылмыштуу аракети боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде иш козголуп, 9-августта убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын баш коргоо чарасы 11-августта Ош шаардык сотунда каралат.

Үстүбүздөгү жылы 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, ал эми маркумдун өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган 28 жаштагы шериги — Майрамбек Низамов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу

ИИМдин маалыматына ылайык, Низамов мурда «Опузалап талап кылуу», «Денеге анча эмес оор залал келтирүү», «Тоноо» жана «Ээнбаштык» фактылары менен жоопко тартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кеткендерге издөө салды

Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Кримтөбөл «Женго» ТИЗО-1ге эки айга камалды

Депутат Осмонов УКТнын мушташы тартылган видеолорду чыгарган ЖМКны убактылуу жабууну сунуштады