Ош: Милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кеткендерге издөө салды

Сүрөт: Видеодон скриншот

Макала саат 17:00дө жаңыртылды.

12-январда Ош шаарында 30 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрө сабап кетишти. Ал эми топтун дагы бир мүчөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу «Клоопко» 13-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январдан 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан банктын жанында Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургунуна миздүү курч нерсе менен кол салуу болгон.

Кылмышкерлер ак түстөгү автоунаа менен из жашырып кетишкен. Ал эми кылмыштуу топтун мүчөсү жеринде каза болгон. Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары, маркумдун жабыркаган 28 жаштагы шериги тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаганы айтылат.

Ага карата кол салуу видео көзөмөлгө тартылып калган. Анда адегенде сүйлөшүп турган кишилердин тобуна бейтааныш адамдар келип жолугуп, алдын ала маалыматка караганда, арматура менен сокку ура башташкан.

Бул факты боюнча материалдар катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Аны менен катар милициядан жабыркаган эки тургун тең уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганын белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кочкор: Аксакалдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды