Депутат Осмонов УКТнын мушташы тартылган видеолорду чыгарган ЖМКны убактылуу жабууну сунуштады

Депутат Айбек Осмонов криминалдык чөйрөнүн мушташ жана тирештери тартылган видеолорду маалымат каражаттарына чыгарбоону, эгер андай видеолор чыгарылса басылманы убактылуу жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 19-январдагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү аталган сунушун жакында эле Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлгөнү тууралуу видео маалымат каражаттырнда тараган шартта айтып чыкты.

«Биринчиден, келечектеги, мына өспүрүм балдар, азыркы күндө 2 миллионго жакын адам көрдү видеосун. Ошол видео чыкканда алардын жүзүн бекитип, же болбосо чыгарбаганга аракет кылыш керек эле да. Эми [болор] иш болду, чыгарбаш керек эле, мамлекеттик каналдар да, мамлекеттик эместер да чыгарды. Туура, маалымат катары берип жатат, бирок өсүп келе жаткан келечек муунга таасири терс болуп калды да. [...] Биздин жаш өспүрүмдөргө бул абдан катуу сокку болду», — дейт Осмонов.

Бирок ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тескерисинче, ал өспүрүмдөргө сабак болушу мүмкүн деп жооп берди.

«[...] Биздин кээ бир жарандар, жаш балдар да түшүнүшү керек да, биз айтып кеттик, эгерде кылмыштуу топтун арасына кошулуп, кылмыш жолуна түшүп, ушундай кадамдарга барса, эртең кылмыш жообуна тартылат, же болбосо өздөрү тараптан эле ушинтип, колу-бутун сындырып, өлтүрүп салууга чейин барат депчи. Бул деген кээ бир жаштарга да таасирин берет, мындай карап көрсөк», — деди ал.

Кайсыл видео?

13-январга караган түнү Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү банктын жанынан 29 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Ал эми 13-январда күндүз белгисиз кишилердин тобу адамды арматура же союлга окшогон нерсе өлгүчө сабаганы тартылган видео тараган.

Ошол эле күнү ооруканага бычактан жарадар болгон 27 жаштагы киши оор абалда келип түшкөн. Милициядан жабырлануучу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганын билдиришкен. Киши колдуу болгон адам мурда бир нече жолу соттолгон жана ага карата баңгизат сатуу боюнча кылмыш иши козголгон. Милиционерлер аны «баңгизат ташып, тараткан деп шектеп жатышканы» айтылган.

Аталган факты боюнча милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, «Женго» деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досоновду кармаган.

ИИМдин версиясы боюнча, эки топтун ортосундагы чыр-чатакка «таасир этүү чөйрөлөрүн талашуу» себеп болгон.

Андан тышкары, башка шектүүлөр да кармалган. Алар: Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Нурбек Чубаков, Курсанбек Шакир уулу, Актилек Абдивали уулу. Алардын ичинен төртөө мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолуп чыккандар. Дагы бир шектүү, Эрбол Асан уулу — издөөдө.

Женго деген ким?

Кадырбек Досонов Уюшкан кылмыштуу топтордун биринин башчысы катары таанымал. Ал мурда дагы бир нече ирет кармалган, бирок сот актап, эркиндикке чыгара берген.

2022-жылдын июнь айында Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Досоновго «Жерди мыйзамсыз басып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишин кыскартып, «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштыруу» беренеси боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан актаган.

Ал эми өткөн жылдын 30-сентябрында Жогорку сот Кадыр Досоновго карата козголгон кылмыш ишин кайра кароого жөнөтүп, мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарганы белгилүү болгон.