Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Ысык-Көлдөгү Жыргалаң көмүр кенин иштетүүгө жеңилдетилген түрдө 1,7 миллион доллар насыя берилгенин ырастады. Кен тууралуу уюмдун билдирүүсү 14-августта жарыяланды.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты 2012-жылдан бери иштебей турган Жыргалаң кенинен көмүр казууну жандантуу болгон.
Билдирүүдө «Бизнес Инвест Компани» ишканасы бөлүнгөн каражатка Орусиядан атайын техникаларды жана шахтерлордун кийим-кечесине чейин сатып алганы айтылат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Жаргалаң кенинин 12 жылдан кийин ишке киргенин белгилеп, кенди Марат аттуу бизнесмен иштетип баштаганын айткан. Ал үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя берилгенин кошумчалаган.
Өлкө башчысы «шахта өзүн-өзү актамак түгүл, эбегейсиз зор киреше берет» деген ишеничте.
Жыргалаң кенинин айланасында эмне болуп жатат?
3-августта Министрлер кабинети 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң кени ишке киргенин жарыялаган.
Ал эми 4-августта Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев кен дагы деле иштебей турганын айыптап, «жалган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет» деп билдирген.
«Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахтаны Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган, ичине суу толуп, азыр деле ошол бойдон турат», — деген Каптагаев.
Жыргалаң айылынын тургуну Турат Аким Каптагаевдин айткандарын тастыктап, жаңы ишке кирди делген «Жыргалаң» кени буга чейин эле иштеп жаткан «Дөңгө» карьери экенин айткан.
«Чыныгы “Жыргалан-Капитольная” шахтасы аны Садыр Жапаров башкарып турган кезде суу астында калган жана аны калыбына келтирүүгө болбойт. [...] Бир тарабынан өткөн ачык тышкы карьерди тартып, мурдагы шахта кайра жандангандай кылып көрсөтүшүптүр», — деген ал.
Каптагаев менен Турат Акимдин айыптоосуна Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова жооп берген. Сулайманова аларды «жалган маалымат таратууга» айыптаган.
Жыргалаң кени 1959-жылдан тартып казыла баштаган жана андагы көмүрдүн кору 18 миллион тонна деп эсептелген.