Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди

Жыл башынан бери Бишкек жана Чүй облусунда кызамык оорусу өтүшүп кеткендиктен үч жана бир жаштагы эки бала көз жумган. Бул тууралуу 14-августта «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ведомстводон балдар профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөнүн, ата-энелери диний ишениминен улам балдарын эмдетүүдөн баш тартып коюшканын белгилешти. Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөө 1 жаштагы (12 айга) балдар арасында жүргүзүлөт, ал эми ревакцинация 6 жашта жүргүзүлөт.  

Министрликтен кээ бир ата-энелер жаңы төрөлгөн чүрпөлөрүн жугуштуу гепатитке жана кургак учукка каршы да эмдетүүдөн баш тартып жатышканын кошумчалашты. 

«Учурда түзүлгөн жагдай сезимтал контингенттин көбөйүшүнө, популяциялык (коллективдик) иммунитеттин төмөндөшүнө жана вакцина менен гана алдын алууга боло турган кооптуу инфекциялардын жашоосуна шарт түзөт», — деп эскертишти министрликтен.

Министрлик жарандарда профилактикалык эмдин жоктугу төмөнкүдөй жагдайларга алып келерин эске салды: 

  • жугуштуу оорулар же эпидемия коркунучу жаралган учурларда билим берүүчү жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерге кабыл алуудан убактылуу баш тартууларга;
  • жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу жумушка кабыл алуудан баш тартуу же жумуштан бошотууларга.   

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө балдардын арасында кызамык жана кызылча ооруларынын саны өсүп жатканын билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамыктын 1001 учуру катталган. 2020-жылы — 733, 2021-жылы — 3, ал эми 2022-жылы болгону бир учур катталган.

Министрлик COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөп кетиши Кыргызстанда кызамык менен кызылчанын өсүшүнө түрткү болгонун белгилеген.

Автору Медина Шамшидинова

Тема боюнча: Эмне үчүн сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүү керек? Түшүндүрөбүз